logotype

Аалы Токомбаев

Demo Image
Demo Image

Кыргыз эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры Аалы Токомбаев кыргыз адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары эсептелет. Анын чыгармачылык жолу Кыргызстандын улуттук адабиятынын тарыхындагы негизги этаптар менен тыгыз байланышта.

Аалы Токомбаев 1904-жылы 7-ноябрда Чоң-Кайыңды айылында туулган. 1916-жылкы көтөрүлүштө анын үй-бүлөсү Кытайга качкан, ал эми 1917-жылы кайтып келе жатканда, анын жакындарынан ажырап, Аалы жетим калган. 1922-жылы Ташкент интернатына кабыл алынган.
Эл акыны, таланттуу жазуучу, котормочу жана чыгармачыл насаатчынын тагдырын жөнөкөй деп айтууга болбойт. Ал көптөр белгилегендей, өзү татаал доордун символу болгон. Аалы Токомбаев эрте жетим калганына жараша эрте эле акын катары атакка да ээ болгон. Анын ырларынын бири, кыргыз тилиндеги биринчи гезиттин биринчи санында жарыяланган "Эркин Тоо", ошону менен кыргыз жазма адабиятынын тарыхын башталган деп айтууга болот.

Фактылар:

• А.Токомбаев Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Гимнинин авторлорунун бири, СССР Гимнинин жана "Интернационал" партиялык Гимнинин кыргыз тилине которгон котормочулардын катарында болгон;
• Жазуучу поэтикалык котормо жаатында дагы активдүү иштеген. С.Маршактын, А.Кунанбаевдин, Ж.Жабаевдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн жамааттык жыйнактарды которууга жана басып чыгарууга катышкан;
• А.Токомбаевдин көпчүлүк чыгармалары орус тилинде, кээ бир басылмалары украин, казак, тажик, өзбек, литва тилдеринде чыгып, кээ бир чыгармалары чет өлкөлөрдө басылган;
• Бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Киробкомдун мүчөлүгүнө кандидат, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болуп шайланган;
• Анын каймана аты "Балка" болгон.

Элесин түбөлүккө калтыруу:

Ал көрүнүктүү, атактуу адам катары, албетте, бийликтегилер тарабынан ар түрдүү бааланды. Аалы Токомбаев кээде жогорку сыйлыктарга ээ болуп, кийин чиновниктер тарабынан катуу сынга алынып, сталиндик репрессия учурунда ал тургай "эл душманы" катары камакка алынган. Бирок, бир нече жыл ичинде ал Ленин, Ардак Белгиси жана Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Андан соң ал бир катар сыйлыктарды алып, Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон, мамлекеттик сыйлыктар, ордендер жана медалдар менен сыйланган.

1996-жылы Бишкекте акындын эстелиги орнотулган. Баатыр жашаган үйдө мемориалдык үй-музей бар. Бишкектеги бир проспект анын ысымы менен аталган. 2014 -жылы "Аалы Токомбаевдин" Токтогул" романы – уулулардын мурасы" китеп-иллюстрациялык көргөзмөсүнүн ачылышы жана Эл акыны Аалы Токомбаевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган "Токтогул" китебинин бет ачары болуп өткөн.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий