Эпосту кыргыз элинин жашоо энциклопедиясы деп да аташат. Ал бизге экономика, үрп-адат, каада-салт, бизди курчап турган табият менен таттуу мамиледе болуу жана башка керектүү маселелер тууралуу кенен түшүнүк берет. “Манастан” биз байыркы кыргыздардын дини, медицинасы, философиясы, этикасы тууралуу түшүнүктөргө ээ болобуз.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР:
• Азыркы тапта Кыргызстанда 20 миңден ашуун манасчы бар;
• “Манас” эпосунун негизгилери катары Саякбай Карала уулу менен Сагымбай Орозбаковдун варианттары саналат;
• Эпосто 40 чорону кошо эсептегенде 600дөн ашуун каарман сүрөттөлгөн;
• “Чоң жомоктун” эң ири варианты 500 533 саптан турат. Окумуштуулар аны Саякбай Карала уулунан жаздырып алышкан;
• Дүйнөдө “Манас” эпосунан чоң чыгарма жок жана ал дүйнөлүк адабий мурастын эң ири чыгармасы катары эсептелет;
• Трилогия ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген;
• Манасты алгачыкалардан болуп Чокон Валиханов изилдеп, жаза баштаган. Анын аракетинин аркасында эпос дүйнөгө тараган;
• 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы белгиленген.
ЭЛЕСИНЕ ЭСТЕЛИК:
Манас баатырга арналган эстеликтер Бишкекте: филармония имаратынын алдында жана “Ала-Тоо” борбордук аянтында, Ош, Өзгөн, Баткен жана Талас өрөөндөрүндө орнотулган. Таласта Манастын мемориалдык комплекси бар.
Кытай, Түркия жана Орусия өлкөлөрүндө да кыргыз баатырына арналган эстеликтер бар.
Анын урматына “Манас” университети, Бишкек эл аралык аба майданы, борбордун жанындагы айыл, кинотеатр, Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгы, Кытай менен Алтайдагы көл аталган.
Манас баатырдын атын Кыргызстандагы көптөгөн көчөлөр алып жүрөт.
4-декабрда Кыргызстанда “Манас” күнү белгиленет
КТРК телеканалында байма-бай “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы өтөт.
Бека
Укмуш, долбоор дагы онуксун! Ийгилик сиздерге.
Кыргыз бала
Эң сонун долбоор.
Гулмира
Рахмаат. Аззаматсыздар ,,🥰😘
Жылдыз
Вау как классно!
Руслан
Крутой старт-ап! удачи Вам!
Лира
Эң соонун идея болуптур 😍😍 рахмат!
Айгерим
Очень классная идея,спасибо авторам! Быстро смогла найти информацию