logotype

Ак илбирс

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Ак илбирс тоолуу Кыргызстандын башкы символу. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 4000ден 7000ге чейин гана түрү калды.

Илбирс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда - лат. Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ.

Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см. Салмагы 27-55 кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт. Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см. Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан саргыч-күңүрт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.
Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет. Илбирстер Ооганстанда, Бутанда, Кытайда, Индияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Монголияда, Непалда,Пакистанда, Орусияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда таралган

Кызыктуу маалыматтар:

- Ак илбирс кызыл китепке кирген жырткыч. Алардын саны дүйнө жүзү боюнча жети миңге чамалайт деп айтылат. Кыргызстанда 200-300гө жакын бар дешет окумуштуулар.

- Ак илбирстер байырлаган аска-зоолор алты миң метрге чейинки бийиктикти түзөт.

- Ак илбирстер өтө ыкчам секирик жасай алганы менен айырмаланат. Алар дээрлик он беш метр жерден секирип жандыктарды кармай алат. Негизинен аркар, теке жешет.

- Бул жырткычтын биологиясы толук изилденип бүтө элек. Анткени алар өтө бийиктикти байырлагандыктан аларды изилдөө кыйын.

- Ак илбирс жылына эки жолу тукумдайт, көбүнчө экиден, ашып кетсе бешке чейин күчүк тууйт. бала көтөрүү узактыгы 90-100 күнгө барабар.

- Ак илбирстер табиятта 13 жылга чейин жашайт. Бакма шартта ургаачысы 28 жыл жашаган учур катталган.

- Ак илбирсти анын добушу аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Анткени көмөкөйү табиятынан ушундай жаралган, эч кандай шыбыш, үн, добуш ал тургай дем чыгарбай да кое алат.

- Альпинисттерде бейрасмий “ак илбирс” деген титул бар. Эң жогорку бийиктиктерди багындыргандарга ич ара ушинтип атап коюшат.

- Ак илбирс түрк элдери эле эмес башка элдерде да ыйыктык катары саналып, тотемдик, символикалык белгилерге айланган. Маселен Тибетте ыйык адамдар ак илбирске айланып кетишет деп ишенишет.

- Ак илбирстин сөлөкөтү бир катар өлкөлөрдүн монета, герб, мамлекеттик белгилерине түшүрүлгөн. Маселен Бишкек шаарынын гербинде да ак илбирс тартылган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий