logotype

Арстанбек Буйлаш уулу

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулу Ысык-Көл өрөөнүндө 1824-жылы жарык дүйнөгө келген. Тургузулган жылы: 25-июнь, 2017-жыл

1824-жылы Ысык-Көл облусунун Сырты аттуу жеринде туулган, 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп, Ысык-көлдүн тескейи, Чычкан конушундагы Ташкыя бейитине коюлган. Ойчул, философ, виртуоз комузчу, төкмө акын. «Замана» агымынын эң ири адамдарынын бири. Эл ага «булбул» аттуу атак берген. Ал бугу уруусунун тынымсейит уругунан болот. Атасы Буйлаш бийдин токолу Төрөкандан төрөлүп, кой-козу кайтарып өсөт. Ушундан улам анын чыгармаларында турмуш-тиричилик жагдайлары жөнөкөй адамдардын көз-карашынан чагылдырылган.
Арстанбек ырчы катары 16га чыкканда элге тааныла баштаган. Ал Фергана тарапта бир жылга жакын убакыт жүрүп, Наманган жана Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, акындык өнөрүнүн артыкчылыгын даңазалап, туулган жерине чоң ырчы атыгып кайткан. Акындын чыгармаларын жыйноо маселесине 1920-жылы көңүл бурулуп, 1922-жылы Каюм Мифтаков Каракол жана Нарын уездинен жыйнап келип, ИАнын Колжазмалар фондуна өткөргөн, азыр да сакталып турат.

Кызыктуу маалыматтар:
- Калк Арстанбекке “булбул” деген макам берген
- Атасы болуш, өзү бий болгон
- Кыргыз урууларын биримдикке чакырган
- Анын саптары элдик макал-ылакапка айланган

Арстанбектин саптарынан:

Элибизден ажырап
Элик болуп турабыз,
Каптап тузду көтөргөн
Көлүк болуп турабыз,
Башка чапса былк этпес,
Ѳлүк болуп турабыз

Көктөн учкан канаттуу,
Жерден сызган туяктуу,
Көп экенин ким билсин,
Ушул жомок сыяктуу.
Эрендерден калган сөз,
Энчи болуп калган сөз,
Как жүрөкө конгон сөз,
Кайнап ичке толгон сөз,
Жоого аттанган баатырдын
Жан-жөкөрү болгон сөз...

Арстанбек Буйлаш уулу 1878-жылы 54 жашында дүйнөдөн кайткан.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий