logotype

Бакай-Ата

Demo Image
Demo Image

“Манас” эпосундагы эң негизги каармандардын бири – Бакай. Ал Манас баатырдын негизги кеңешчиси, калыс, адилет адам катары белгилүү. Баатыр Манас эч кимди укпай, айтканын кайтпай турган кезде эки гана адамдын сөзүн уккан. Алардын бири -Бакай

БАКАЙ — «Манас» үчилтигинин бардык бөлүмүндө башкы каармандардын (Манас, Семетей, Сейтек) жашы улуу, көптү көргөн, кыраакы жана акылман кеңешчиси, насаатчысы катары активдүү роль ойногон негизги каармандардын бири. Ал кырк чоронун ичинен Манаска эң жакын тууганы. Атасы Бай менен Манастын атасы Жакып экөө бир тууган. Саякбай Каралаевдин вариантында кээде Олуят чалдын эр Бакай деп да айтылат, анткени бул вариант боюнча Бакай бир жашка толо элегинде атасы Бай кытайлардын колуна түшүп кетип өлөт да, жетим калган баланы Олуят чал жердин түбү Желпинишке алып кетип багып өстүрөт. Эрезеге жеткенде Манасты издеп чыккан Бакай душман тарабынан чабылып-чачылган туугандарын таап чогултмак болуп аттанып чыккан Манаска жолугат. Экөө бири-биринин сынына толуп, түбөлүк бирге болууга антташканда Манас Бакайга кайрылат:

Кайыбынан табылган
Кан абам сендей эр болбойт,
Кабак ачып ойноорго
Кең Таластай жер болбойт.
О дүйнөгө кеткиче,
Уйпаланып кайран жан
Топуракка жеткиче,
Тулпардын оозун буруп бер,
Туйгун аба, эр Бакай
Ата болуп өзүмө
Тутка болуп туруп бер.
Эки тизгин, бир чылбыр
Эл бийлигин алыңыз,
Эдене-тайтаң өзүмдү
Эптеп жолго салыңыз.
Туйгун Бакай, кан аба.
Туура караан маа болуп,
Кара жаак айбалта
Кайкалатпай аштаңыз.
Казак менен кыргыздын
Жолун өзүң баштаңыз.
Бирдикти колго алыңыз,
Билген жолго салыңыз! (Саякбай Каралаев, 1. 187).

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий