Боромбай 1843-ж. Жууку суусунун боюндагы Кызыл-Үӊкүр деген жерге чеп курдуруп, аны ордо кылган. 1844-ж. ал бугу уруусунун атынан Батыш Сибирдеги орус падышалыгынын бийликтерине букаралыкка кабыл алуу өтүнүчү менен элчи жиберген.
1848-ж. дагы бир ирет орус бийликтерине кайрылган. Анын элчилери 1854-ж. сентябрда Омскиге келип, 1855-ж. 17-январда Сибирдеги бул шаарда Орусиянын букаралыгына өтүү жөнүндө бугу уруусунун атынан ант беришкен. 1855-ж. Боромбай орустун подполковник чинин алган. 1855-ж. бугу менен сарыбагыш уруулары чабышкан кезде улам артка чегинип, Текести жердеп калган.
Боромбай бугу уруусун сактап калуу үчүн цин-манчжурдук Кытайдан да көмөк сураган, бирок учурунда көмөк ала алган эмес. Ошондон кийин кайрадан падышалык орус бийликтерине өтүнүч менен кайрылган. 1856-ж. июнда орусиялык тыӊчы жана саякатчы, теги казак Чокон Валиханов Боромбайдын Тулпар-Таш капчыгайындагы жайлоодогу айылында болуп, бийдин сүрөтүн тарткан.
Саякатчы Петр Петрович Семенов-Тян-Шанский болсо Боромбай менен 1856-57-жж. Теӊир-Тоого саякаты маалында жолуккан. Боромбай ага Карахандар каганаты доорунда Ысык- Көлдү жердеген чигилдер кыргыздардын бабаларынын биринен экенин айткан. 2012-жылы Боромбай Меӊмурат уулунун аты Каракол шаарынын мурдагы Октябрь көчөсүнө ыйгарылды.
Не имеется аудиофайлов
Айчурок
Абдан соонун!!!
Лера
Спасибо за сайт и идеи сайта
Омурбек
Соонун сайт!!!