logotype

Бүбүсара Бейшеналиева

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Элдин кызы! Советтик кыргыз балеринасы, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы өзү тирүү кезинде эле легендарлуу болуп калган.

Бейшеналиева тунгуч балерина катары Кыргызстанда профессионалдык хореография өнөрүнүн жаралышын жана орношун, республиканын балет театрынын түзүлүшүн отуз жылдан ашык убакыт чагылдырып турган.

Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Кыргыз ССРинин Кант районундагы Таш-Төбө айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Он жашар кезинде Ленинград мамлекеттик хореографиялык окуу жайына барып, балет искусствосун үйрөнгөн.
Бүбүсара элдин кызы. Ал Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү болгон чыныгы балерина, жаркыраган жылдыз.
Балерина укмуштуудай шыкка, ар бир көрүүчүнүн аң-сезимине жетүү жөндөмүнө ээ болгон. Ал көрүнүктүү артист болуу менен бирге эле баарына бирдей мамиле жасаган, мамилечил, сүйкүмдүү адам болгон. Ал жылуу мамилеси менен баарына жакын болчу.

Фактылар:

• Орустун көрүнүктүү балеринасы Агриппина Ваганованын жетекчилиги астында окуган;
• 1941-жылы колледжди аяктагандан кийин, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын биринчи солисти болгон;
• 23 жашында Бишкек хореографиялык окуу жайында сабак берген;
• Бүбүсаранын биринчи башкы ролу "Селкинчек" балетиндеги кыргыздын жөнөкөй кызы Зайнуранын ролу болгон;
• “Селкинчек”, “Чолпон”, “Раймонда”, “Ак куулар көлү”, “Куйручук” ж.б. балеттерде 20 партия аткарган;
• Он сегиз жыл бою анын сахнадагы өнөктөшү Кыргыз ССРинин Эл артисти Уран Сарбагышов болгон;
• Жолдошу – Ахмат Аманбаев, кыргыз композитору, дирижер, педагог. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери. Уулу – Эрмек Бейшеналиев, мемуарлардын автору;
• 1994-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын аймагында Б.Бейшеналиеванын сүрөтү түшүрүлгөн 5 сомдук банкнот жүгүртүүгө чыгарылган;
• Бишкектеги бир көчөгө балерина ысымы бериген;.
• Б.Бейшеналиеванын ысымы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине берилген;
• Бишкекте Опера жана балет театрынын жанына балеринанын эстелиги орнотулган;
Бүбүсара Бейшеналиева – элибиздин сыймыгы гана эмес, маданият айдыңында чыгармачылыгы менен эрдик жасаган инсан, заманыбыздын көрүнүктүү өнөрпозу.

Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий