logotype

Чолпонбек Базарбаев

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

СССРдин эл артисти, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаев Кыргызстандын балет искусствосунун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон.

Чолпонбек Базарбаевич Базарбаев 1949 -жылы 4 -февралда Кочкор районунун (азыркы Нарын облусу) Чолпон айылында, кызматчылардын үй -бүлөсүндө туулган. Атасы аскер кызматкери болгондуктан үй -бүлө бат -баттан көчүп турган.
Көрүнүктүү артист Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүрүп, Москва академиялык хореографиялык окуу жайында бир жылдык такшалтмадан өткөн.
Ч.Базарбаевдин жылдызы тез жанган. Анын жеке дебюту 1968-жылы Новокузнецк шаарындагы Кыргыз опера жана балет театрынын гастролунда болгон. Анын таланты элге жарк эткен жылдыздай дароо байкалган.
Чолпонбек Базарбаев дароо классикалык мурастын шедеврлеринин жалпыга таанылган аткаруучусу болуп калды. Ал “Шопиниана”, “Уйкудагы сулуу”, “Жизель”, “Прометей”, “Спартак” ж.б балеттеринде башкы ролдорду аткарган. Классикалык репертуардагы образдары үчүн, ошондой эле Спартактын ролу үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты наамын алган
Базарбаев аткарган спектаклдердин репертуардык тизмесинде заманбап, баатырдык темалар чоң орунду ээлеген. Базарбаев чоң чеберчилик менен К.Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балет-ораториясында Касымдын образын жараткан, чоң шыктануу менен "Өлбөстүк" балетинде кыргыз элинин даңктуу уулу, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин образын жараткан.
Кыргыз балетинин алдыңкы бийчиси Ч.Базарбаев көптөгөн чет элдик сахналарда өнөрүн көрсөткөн. Москвадагы, Ленинграддагы, Киевдеги, Сибирдеги, Швециядагы, Ливиядагы, Швейцариядагы балет сүйүүчүлөрү нечен ирет кыргыз артистине кол чабышкан.
Ч.Базарбаев көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да белгилүү. Ал А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрын жетектеген, Кыргыз Республикасынын Маданият министри болгон, бир нече жылдар бою Кыргызстандын Театр ишмерлер союзунун төрагасы, Чет мамлекеттер менен достук жана кызматташтык боюнча кыргыз коомунун бир катар союздарынын президенти болуп иштеген.
Чолпонбек Базарбаев 2002-жылы 2-сентябрда жол кырсыгынан каза болгон. Каргашалуу окуя Бишкектеги Америка элчилигинин имаратынан бир нече метр алыстыкта болгон. Ч.Базарбаев Ала-Арча көрүстөнүнөн түбөлүк орун алган.
Көрүнүктүү бийчи, таланттуу жетекчи жана чебер уюштуруучу, жашоону чексиз сүйгөн Чолпонбек Базарбаевдин бардык чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүгү өз жеринин маданиятына арналган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Не имеется видеофайлов

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий