logotype

ЧЫҢГЫЗ ТӨРӨКУЛОВИЧ АЙТМАТОВ

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов – ХХ кылымдын экинчи жарымындагы, совет доорунун эң көрүнүктүү, сыймыктуу жазуучуларынын бири. Анын эргүү берген чыгармачылыгысыз азыркы адабиятты элестетүү мүмкүн эмес.

Жазуучунун жараткан эмгектери адамды адам болууга чакырып, бир гана адамдарга эмес, курчап турган чөйрөгө, жаныбарларга аяр мамиле кылып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган. Анын: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу”,-деген сөзү бүгүнкү күнгө чейин өзөктүүлүгүн жоготпой келет.
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда жарык дүйнөгө келген. Атасы Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы ак жеринен атылып кеткен.

Чыңгыз карапайым элдин чыныгы жашоосу менен эрте таанышууга аргасыз болгон. Себеби анын балалык чагы согуш мезгилине туш келген. Эмгек жолун он жашында баштайт, ал эми 14 жашынан баштап айыл турмушундагы эң татаал маселелерди чечип, айыл кеңешинин катчысы болот.
Айтматов өз чыгармалары аркылуу өзүн психологиялык портреттин чебери катары көрсөтө алды, анын каармандары руханий жактан күчтүү, адамгерчилиги жогору, жигердүү адамдар болушкан. Анын чыгармаларындагы башкы каармандар тарыхый инсандар эмес, карапайым адамдар экени көпчүлүккө маалым.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР:

1948-жылы Жамбыл зоотехникумду жогорку деңгээлде аяктагандан кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны 1953-жылы аяктайт;
1953-1956 – жылдары зоотехник болуп да эмгектенген;
1958-жылы Москвадагы Жогорку адабий курсун бүтүргөн;
Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.
1958-жылы "Октябрь" журналына “Бетме-бет” чыгармасы орус тилине которулуп, басылып чыгарылган;
Айтматовго дүйнөлүк атак-даңк алып келген “Жамиля” чыгармасы болгон. Аны француз жазуучусу Луи Арагон француз тилине которгон;
“Жаныбарым Гүлсары” чыгармасы авторго Мамлекеттик сыйлык алып келген;
1994-жылдан 2008-жылга чейин Айтматов Кыргызстандын Франция, Бельгия, Люксембург жана Нидерланддагы элчиси болгон;
Жазуучунун чыгармалары боюнча 20дан ашуун тасма тартылган;
Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

ЭЛЕСИНЕ ЭСТЕЛИК:

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен коомдук иштердеги жигердүү аракети көптөгөн наамдарды, сыйлыктарды алып келди.
Кыргыз эл жазуучусу (1968),
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979),
КРУИАсынын анык мүчөсү (1974).
Соц. Эмгек Баатыры (1978),
Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983),
Европа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (Париж, 1983),
Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), "Ысыккөл форумунун" президенти,
Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты.
Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997).

Жазуучунун аты Бишкекте жайгашкан Орус улуттук драма театрына ыйгарылган.
2011-жылы Ала-Тоо аянтында Чыңгыз Айтматовго арналган 7 метр 70 сантиметрлик эстелик тургузулган
Айтматовго арналган эстеликтер Кыргызстандын Ысык-Көл, Талас облустарында да орнотулган
2013-жылы Бишкекте “Ата-Бейит” комплексинде жазуучуга арналган мемориал да ачылган

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Оставить оценку


Комментарии

  1. image

    Эң соонун ой жана жеңил жардамчы🌟🌟🌟🌟

    • 3 Октябрь 2021 ж. 16:59
  2. image

    Благодарю Вас за прекрасную работу, инициативу, память и современность 👍🏼

    • 29 Сентябрь 2021 ж. 16:51
  3. image

    Wow good idea

    • 21 Сентябрь 2021 ж. 19:18
  4. image

    Маалыматар үчүн рахмат.

    • 24 Август 2021 ж. 3:35

Разместить комментарий