logotype

Элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

2010-жылдын 6-апрель күнү бийликтин жүргүзгөн саясатына макул болбогон карапайым калктын Талас шаарында башталган нааразычылыгы коопсуздук күчтөрү менен кагылышууга алып келип, кийинки күнү Кыргызстандын бардык аймагын кучагына алган.

7-апрелде борбордук Ала-Тоо аянты кан майданга айланып, кыргыздын жалтанбас азаматтарынын 90го жакыны жарык дүйнө менен коштошуп, 1500дөй адам жарадар болуп революция ишке ашкан. Бийлик Убактылуу өкмөткө өтүп, ошол эле күнү Убактылуу Өкмөттүн курамы жөнүндөгү жарлык чыккан, №1 декретке кол коюлган.
Убактылуу Өкмөт өз кезегинде конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өлкөдө парламенттик башкаруу системасын орнотуу жөнүндө иш-аракеттерин жасаган.
Апрель революциясы дүйнөлүк коомчулук тарабынан өзгөчө феномен катары бааланган. Анткени Апрель революциясы маани-маңызы боюнча саясий, мүнөзү боюнча элдик революция болгон. Эл өлкөдөгү саясий бийликке эле эмес саясий принципсиздикке, кайдыгерликке каршы күрөшкө чыккан.
2010-жылдын 6-7-8-апрелинде өлкөбүздүн саламаттыкты сактоо мекемелерине ар кандай жаракаттар менен баардыгы болуп 1621 адам кайрылган. Республикалык кан борборуна 7-14-апрелде жаракат алагандарга жардам иретинде 2549 адам кан тапшырган. Ал эми Кыргызстандын келечеги үчүн көз жумган эр-азаматтардын сөөгү 10-апрелде "Ата-Бейит" комплексине чоң урмат-сый менен коюлган.
Жогорудагыларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин: "Өз Ата Мекенин алдында жогорку патриоттук аң-сезимди, берилгендикти калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти тарбиялоо, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларды Кыргыз республикасынын элинин эсинде түбөлүк калтыруу максатында ушул күн жыл сайын Элдик Апрель революциясынын күнү деп белгиленсин," – деген Жарлыгы чыккан.Ошондон бери 7-апрель расмий түрдө эскерүү күнү катары белгиленип келүүдө.
Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы экинчи элдик революциянын баатырларына арналган бул эстелик 2011-жылы коюлган.
Мындан сырткары “Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде сөөгү коюлган 83 адамдын ысымы кара ташка чегерилип, бир адамга “белгисиз жаран” деп жазылган. Үстүндө түндүк орнотулган үч бурчтук түрүндөгү эстелик-комплекстин бийиктиги 8, туурасы 7 метр. Ал кызыл мрамор таштан жасалган. Эстелик комплекстин курулушуна жалпы эсеби 20 миллион 800 миң сом сарпталган. Ошондой эле, революциянын хроникасы тууралуу санариптик сүрөт жана видео материалдар, маалыматтар жана Апрель баатырларынын портреттери сакталып турган «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейи дагы түзүлгөн.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Аскердик-патриоттук объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий