logotype

Геннадий Павлюк

Demo Image
Demo Image

Ибрагим Рустамбек каймана ысымдуу эркин журналист – Геннадий Георгиевич Павлюк 1958-жылы жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз мамлекеттик университетин жана Беларусь мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүрүп, филология илимдеринин кандидаты болгон. Россия Федерациясынын Журналисттер союзунун мүчөсү, эл аралык сыйлыктардын жана наамдардын ээси.
Анын акыйкаттыкты туу туткан эмгектери казак, кыргыз жана орус маалымат каражаттарында жарыяланып турган.
Көп жылдар бою өзү негиздеген «Аргументы и факты Кыргызстан» жана «Белый пароход» гезиттеринин башкы редактору жана 2006-2007-жылдары «Комсомольская правда» газетасынын Кыргызстандагы редакциясынын башкы редакторунун милдетин аткаруучусу болуп эмгектенген. Акыркы жылдары ал штаттан тышкаркы журналист болуп иштеп, бир катар чет элдик компаниялар менен пресс-консультант катары кызматташкан.
2009-жылдын жайынан тарта «Ата Мекен» партиясы менен кызматташып, семинарларга жана партиялык съезддерге, анын ичинде Москвадагы «Справедливая Россия» жана Стокгольмдогу Социал-демократтар партиясынын курултайына катышкан.
2009-жылдын 16-декабрында Алматы шаарында 6-кабаттан колу-буту байланып ыргытылган жеринен табылып, 2009-жылы 22-декабрда эсине келбей каза болгон. Сөөгү Чолпон-Атада коюлган.
Тайманбас журналист Г.Г.Павлюктун өлүмү АКШда, Европа өлкөлөрүндө, ЕККУда дагы тынчсызданууну жараткан.
Г.Павлюкту замандаштары кандай кырдаал болсо да калыстыгынан жанбаган, чындык үчүн чыркыраган журналист катары өлкөдөү сөз эркиндигинин түптөлүшүнө кошкон эбегейсиз салымын ар дайым эскеришет.
2009-жылы “Евразиялыктар – жаңы толкун” (“Евразийцы – новая волна”) маданий-тарыхый фонду жана “Ата Мекен” партиясы бирге негизделген Геннадий Павлюк атындагы сыйлык кыргызстандык журналисттерге "Чынчылдык. Кайраттуулук. Кесипкөйлүк" үчүн ыйгарылат. Сыйлык конкурстук негизде тапшырылат, ал эми конкурска келген эмгектерди көз карандысыз калыстар карап чыгып, мыктыларын тандашат.
2010-жылдын 8-октябрында К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын күн чыгыш капталына Г.Г.Павлюктун колодон жасалган эстелиги (бийиктиги 170 см, салмагы 250 кг) орнотулган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий