logotype

Иманалы Айдарбеков

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Кыргыз мамлекетинин тунгуч жетекчиси – Иманалы Айдарбеков Орнотулган жылы: 2014-жыл, 30-август Автору: Садабек Ажиев

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө бүт акылын, күчүн жумшаган, жүрөгүн орноткон Иманалы Айдарбеков репрессияга дуушар болуп, 1938-жылы 5-ноябрда атууга кеткен.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү 1924-жылы 14-октябрда Бүткүл россиялык БАК РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялык облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алганы менен байланыштуу. Ага Каракол, Нарын, Пишпек, Ош уезддери, Олуя-Ата уездинин Талас өрөөнүндөгү болуштуктары, ошондой эле Анжиян, Кокон, Наманган уезддеринин Фергана өрөөнүндөгү болуштуктары кирген. Облустун убактылуу мамлекеттик башкаруу органы революциялык комитет деп аталган. 1924-жылы 21-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун курамы бекитилип, 12-ноябрда ишке киришкен. Ал комитет облусту убактылуу башкарган атайын бийлик органы болуп 1925-жылдын мартына чейин иштеген. Ревкомдун биринчи төрагасы, башкача айтканда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи өкмөт башчылыгына Иманалы Айдарбеков дайындалган.
Иманалы Айдарбеков 1884-жылы Пишпек уездинде манаптын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы аны билимдүү болсун деп орус-тузем мектебинен окутат. Мектепти бүтүргөн соң, Айдарбеков билимин андан ары тереңдетип, Пишпек айыл чарба мектебинен окуйт да, Пишпек уездинин жетекчисинин жардамчысы жана котормочу болуп эмгек жолун баштайт. Мамлекеттик кызматты аркалап, алган билимин кыргыз элинин пайдасына колдонууга далалат жасап, кийин партиялык жана мамлекеттик ишмер катары калкка таанылат.
Кызыктуу маалыматтар:
1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун төрагасы болуп дайындалат.

Иманалы Айдарбековдун өмүрү аянычтуу аяктаган.

-Кыргыз АКСР Юстиция эл комиссары, Кыргыз АКСРнин башкы сотунун төрагасы болгон.
Иманалы Айдарбеков 1918-жылдын башынан РКП (Б)га мүчөлүккө өтөт. Ал “Алыш ордо” партиясын түзүүгө катышат.

1937-жылы 4-сентябрда Иманаалы Айдарбековго Социал-Туран партиясын колдогон деген айып тагылып, 1938-жылы 5-ноябрда атууга кеткен. Азыр анын сөөгү Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов өңдүү замандаштары жана максатташтары менен бирге өзү туулуп-өскөн Жал айылынан анчалык алыс эмес жердеги «Ата-Бейитке» коюлган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

  1. image

    Cool 😎

    • 7 Декабрь 2021 ж. 14:32

Разместить комментарий