logotype

Исхак Раззаков

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Исхак Раззаковдун бейнеси туруктуулук, чынчылдык, зээдүүлүк, берилгендик, жөнөкөйлүк, эрудиция, масштабдуу ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү сыяктуу өзүнүн жеке бийик сапаттары менен көңүл бурат.

Исхак Раззакович Раззаков – совет мезгилиндеги Кыргызстандын партиялык жана мамлекеттик ишмери. Ал 1910-жылы Лейлек районунун Харасан айылында туулган. Ата-энесинен эрте айрылган.

Табигый акыл, билимге болгон умтулуу ага ар тараптуу билим алууга мүмкүнчүлүк берген. Узак убакыт бою Исхак Раззаков Өзбекстанда чарбалык жана партиялык иштерде жогорку кызматтарды ээлеген: Мамлекеттик пландоо комиссиясынын төрагасы, депутат болуп иштеген. Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, Эл агартуу комиссары, КП БК (өзбек) пропаганда жана агитация боюнча катчысы,1945-жылы Кыргызстанга Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп жөнөтүлүп, бир аздан кийин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган.

Ушундай жогорку кызматтарда турган Исхак Раззаков өз эли-жери үчүн көп нерсени жасады. Ал республиканын илимдер академиясын түзүүнүн, Кыргыз мамлекеттик университетинин, Политехникалык, Кыргыз кыз-келиндеринин, Оштун, Пржевальск педагогикалык институттарынын ачылышынын демилгечиси жана активдүү катышуучусу болгон. Дене тарбия институту, көптөгөн орто атайын окуу жайлары, тармактык илимий мекемелер, бир катар жаңы журналдардын жана гезиттердин басылмаларынын ачылышына да И.Раззаковдун түздөн-түз салымы бар.

Көптөгөн жетишкендиктер менен бирге, өлкө көптөгөн кыйынчылыктарды басып өтүүгө туура келди. Тарыхка бир беткей баа берүү мүмкүн болбогондой эле, ошол кездеги белгилүү инсандарды да бир беткей баалоо мүмкүн эмес.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий