logotype

Каба уулу Кожомкул

Demo Image
Demo Image

Кыргыздын легендарлуу балбаны Кожомкул өзүнүн жакшы иштери жана жоон билектиги менен кылымдар бою өзүн даңазалап келген. Анын таасирдүүлүгүн, кудуреттүүлүгүн жана эң башкысы айкөлдүгүн легендарлуу Манас менен окшоштурушат.

Баатыр Кожомкул 1889-жылы 8-Март айылында туулуп, өскөн. Кийин анын урматына айылдын аты өзгөртүлүп, Кожомкул деп аталып калган. Ал физикалык өзгөчөлүктөрүнүн аркасында бүткүл өлкө боюнча атак-даңкка ээ болгон – бою 2 метрден ашкан, арык дене түзүлүштө болгонуна карабай, салмагы 164 кг (башка маалымат боюнча – 203), ортон манжасы 26 см болгон.

Жаш кезинде Кожомкул күч сынашууларда балбандарды четинен эле суулатчу дешет. Ал күчү менен алдына киши чыгарбай, 1920-жылдардын аягында булл чөлкөмдө ага бир дагы атаандаш калган эмес экен.
Табияттан берилген өзгөчөлүгүнө аяр мамиле кылып, Кожомкул эч качан өзүнүн күчү менен мактанган эмес жана физикалык артыкчылыгын эч кимге көрсөткөн эмес. Ошол эле учурда ал берешен, жөнөкөй жана жан дүйнөсү таза адам болгон. Ал эч качан элге үнүн бийик чыгарган эмес.
Балбан күчү менен гана чектелбестен, коомдук иштер менен да алек болгон: ал жакырлар комитетинин төрагасы, Кара-Балта облусунун жер бөлүмүнүн башчысы, Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңештеринин аткаруу комитеттеринин төрагасы болгон.
Кожомкул балбан 1955-жылы 67 жашында каза болгон.

Кызыктуу фактылар:

• Жергиликтүү тургундар Кожомкул Суусамырда чоң ташты кантип көтөргөнү, атты жонуна көтөрүп кантип ашуу аркылуу алып өткөнү, сазга чөгүп бараткан төөнү сууруп алгандыгы, тоонун жолун боз үйдүн чоңдугундай көлөмдүү таштан кантип бошоткону тууралуу чын дилден менен айтып беришет;
• Элдин айтымына караганда, Кожомкул жети жүз килограммга чейинки таштарды көтөрө алган;
• Кожомкул чала сабат адам болгон, ал окуганды жана жазганды билген, бирок расмий кагазды туура жаза алчу эмес. Бир жолу ал өзүнүн гербдүү мөөрүн жоготуп алып, кайсы бир кагазга мөөрдүн ордуна бармак изин калтырган. Райком бул Кожомкулдун бармагы экенин дароо түшүнүп, эч кандай каршылыксыз билдирүүнү кабыл алышкан;
• Ал өзүнүн же өзгөнүн баласы экенине карабай балдарды өтө жакшы көрчү экен. Айылдын уул-кыздарынын баарын таанып, ал эми мектепте жакшы окугандар институтка тапшырууга мажбурлаган;
• Кожомкул мыкты мерген болгон. Анын шыралгасынан деп жубайы Акмадай дээрлик күн сайын анын Суусамырда жашаган жакыр элге илбээсиндин этинен тамак даярдаган.

Элесин түбөлүккө калтыруу:

Ал төрөлгөн айыл Кожомкулдун урматына аталган. Айылда чакан музей бар, ал жактан сүрөттөрүн, балбандын кээ бир кийимдерин көрө аласыз. Замандаштарынын жана биздин муундун арасында чоң урмат-сыйга ээ болгон бул балбандын ысымы 1993-жылы Спорт Ордосуна ыйгарылган. “Каба уулу Кожомкул” фонду түзүлгөн. Эмгеги үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз ССР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

  1. image

    соонун!

    • 24 Сентябрь 2021 ж. 17:10

Разместить комментарий