logotype

Каныкей

Demo Image
Demo Image

Каныкей — “Манас” эпосундагы башкы каармандардын бири. Манастын аялы, Темиркандын (Каракандын) кызы.

Көпчүлүккө белгилүү болгондой эле Манас баатырдын беш аялы болгон. Алар: Карабөрк, Акылай, Каныкей, Алтынай, Кыз-Сайкал.

Каныкейдин образы "Манас" эпосундагы аялдардын ичинен өзгөчө бөлүнүп турат. Биринчиден, Манас беш аялынын ичинен Каныкейге гана жуучу түшүп, кыргыздын салтын жасап, салтанат менен нике кыйдырган. Экинчиден, Манас баатырга дайыма жардам берген, акыл айткан мыкты кеңешчиси болгон. Айлакерлик, акылмандык, чечкиндүүлүк, чыдамкайлык — Каныкейдин негизги касиеттери.

“Манас” эпосунун бир вариантында Каныкейди Жакып тапкандыгы тууралуу жазылат. Бай Жакып баласы Манаска кыз издеп элден эл, жерден жер кыдырып жүрүп бир күнү суу боюна келген суйкайган сулууларга көрөт. Сулуулардын ичинен Каныкейди көрүп, жогорку баа берет.

Каныкейге берилген сүрөттөмөлөр:
Узун чачтын ыктуусу,
Ургаачынын мыктысы.
Кең көйнөктүн тазасы,
Ургаачынын паашасы (Саякбай Каралаев).
Карасурдун сулуусу,
Катындардын улуусу,
Колтугунда жылаңач
Бала жүрөт дайыма —
Касиеттин нуру ушул.
Каныкейдин көпчүлүктү өзүнө бурган сапаты — колунан көөрү төгүлгөн уздугу. Ал баатырлардын бою-башына, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктап эл намысы үчүн жоодо кийилүүчү ок өткүс кийим, курал-жарагын алдын ала даярдаган.
Каныкей саяпкер да болгон. Бул өнөрү Аккуланы таптаган учурда көрүнөт, ага "күрүчтөн күндө жем берет, күндө терин алат". Кийин төлгө кылып Семетей таята журтунда жүргөндө Тайторуну байгеге таптап, аламанга кошуп жеңишке жетет.

Манас Каныкейден Семетей аттуу уулдуу болгон. Манас өлгөндө Каныкей баатырдын өчүн алып, эли-жерине баш-көз болчу Семетейдин өмүрү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшаган. Каныкей трилогиянын үчүнчү "Сейтек" бөлүмүндө да Сейтектин чоң энеси катары көрүнөт. Анан манасчылар сүйүктүү каармандарын өлүмгө ыраа көрбөгөндүктөн Каныкей Бакай, Семетей, Айчүрөк менен кошо кайып болуп кетет.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий