logotype

Карл Маркс

Demo Image
Demo Image

Немец философу, коммунисттик окуунун негиз салуучусу, экономист жана саясатчы Карл Генрих Маркс Германиянын Трир шаарында 1818-жылы туулган.

Анын атасы адвокат болуп, үй-бүлөсү оокаттуу, маданияттуу болгон, бирок революциячыл эмес эле. Маркс Европада буржуазиялык революциялар жетиле баштаган дүрбөлөңдүү жылдарда өсүп, эр жеткен.

Ал Бонн университетинде укук багытында окуп, кийин Берлинге которулат да, ал жерде философия багытында окуусун 1841-жылы аяктайт. Маркс өзүнүн философиялык көз караштарын ушул жылдары калыптандыра баштайт.

Докторлук диссертациясын коргогондон кийин журналистика жаатында эмгектенип, саясый жана социалдык маселелер боюнча макалаларды жарыялайт.

1842-жылы оппозициячыл Рейн газетасынын редактору болот, бирок прусс өкмөтү газетаны жаап салгандан кийин үй-бүлөсү менен Парижге көчүп келет. Газета иши Маркска анын саясий экономика менен жетишердик түрдө тааныш эместигин көрсөтүп, ошондуктан ал ынтаалуулук менен саясий экономиканы үйрөнүүгө киришет.

1843-жылы Маркс Крейцнахта өзүнүн бала чактан берки курбусу болгон, студент кезинен эле убадалашып жүргөн Дженни фон Вестфаленге үйлөнгөн. Анын аялы пруссиялык реакциячыл дворяндык үй-бүлөдөн чыккан. Маркс ошол жылы күзүндө солчул гегелчил Арнольд Руге менен бирге чет өлкөдө радикалдык журнал чыгаруу үчүн Парижге келет. Бул журналдын «Немецко-Французский Ежегодник» деген биринчи китепчеси гана чыгат. Германияда журналды жашыруун таратуу кыйын болгондуктан жана Руге менен болгон пикир келишпестиктерден улам ал журнал чыкпай калат.

1844-жылы жайында Карл Маркс менен Фридрих Энгельс Парижде кезигишет. Экөөнүн эч кандай кыйынчылыктар козголто албаган мыкты достугу дал ошондон кийин башталган, ошондон баштап алар дайыма бирге болушкан.

1845-жылы Маркс Пруссия өкмөтүнүн талабы боюнча, коркунучтуу революционер катарында, Парижден айдалып жиберилгенде Брюсселге көчүп барат. 1847-жылы жазында Маркс менен Энгельс «Коммунисттер союзу» деген жашырын пропагандисттик коомго кошулушат; бул союздун 1847-жылы ноябрь айында Лондондо болгон II съездине катышып жана ушул съезддин тапшыруусу боюнча, 1848-жылы февралда чыккан атактуу «Коммунисттик партиянын манифестин» жазышат.

Улам бир өлкөдөн айдала берип, акыры 1849-жылы Лондонго көчүп келет да, ал жерде өмүрүнүн акырына чейин жашайт.

Маркска жардам берүү үчүн Энгельс 1850-жылы Манчестерге көчүп келип, бай фабрикант атасынын кеңсесине жөнөкөй кызматкер болуп орношот. Ал өзүнүн жупуну маянасынын көбүн узак жылдар бою Маркска жиберип турган. Мына ушунун натыйжасында гана К.Маркс өзүнүн негизги илимий эмгеги – “Капиталды” жаза алган.

1864-жылы ал ар түрдүү континенттин жумушчуларын бириктирген дүйнөдөгү жумушчулардын биринчи эл аралык шериктигин – Интернационалды түзгөн.

Маркс Россияда революциялык кыймылдын өнүгүшүнө зор ыклас менен көз салган, орус тилин үйрөнгөн. Ал Пушкинди, Лермонтовду, Гоголду жана Салтыков-Щедринди жогору баалаган. Орус революционери менен байланышта болуп, Чернышевский менен Добролюбовду терең урматтаган.

Маркстын эмигранттык турмушунун шарттары өтө оор болгон, бул анын Энгельс менен жазышкан каттарында (1913-жылы басылып чыккан) айрыкча даана көрсөтүлгөн. Маркстын Лондондо үй-бүлөсү катуу жокчулукка учураган кезде балдары чарчап, аман калган үч кызы – Элеонора Эвелинг, Лаура Лафарг жана Дженни Лонге кийин Англиянын жана Франциянын социалисттерине турмушка чыгышкан.

1881-жылы 2-декабрда анын аялы,1883-жылы 14-мартта Маркс өзү дүйнөдөн кайткан. Ал өзүнүн аялы менен бирге Лондондогу Хайгейт көрүстөнүнө коюлган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий