Константин Кузьмич 1890-жылы 31-майда Падышалык Россиянын Оренбург губерниясынын Орск шаарында туулган. Атасы дыйканчылык менен жан баккан, жашоо шарты оор болгондуктан жакшы жашоо издеп, Олуя-Атага (азыркы Тараз) көчүп келишкен. Константин ошол жерден казак-кыргыз балдары менен чогуу окуп, башталгыч билим алат, андан соң эки жылдык курсту да аяктайт.
Кызыктуу маалыматтар:
• 1906-жылы Ташкен шаарындагы Түркстан мугалимдер семинарийине кирип, аны 1910-жылы аяктайт;
• Азыркы Казакстандын Түркстан чөлкөмү жактагы айылдардын биринди мугалимдик катары өз эмгек жолун баштаган;
• 1915-жылы Россиянын Кашкардагы консулдугуна котормочу катары жиберилген;
• Казакстанда иштеп жүргөн кезинде казак тилин жана говорлорун изилдөөнү колго алат;
• 1925-жылы Орто Азия мамлекеттик университетин аяктаган;
• 1932-1944-жылдарда Москвадагы Чыгыш институтунда уйгур тили кафедрасын жетектеген:
• Юдахин 1929-жылдан тартып 1934-жылга дейре СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Орто Азия бөлүмүн жетектөө милдетин да аркалаган;
• 1949-жылы филология илимдеринин доктору наамын алган;
• 1952-жылы Өзбекстан Илимдер академиясынын кабарчы-мүчөсү болуп шайланган;
• 1954-жылы Кыргызстандын Илимдер академиясынын академиги болуп шайланган;
• Константин Юдахин 1927-жылы өзбек-орус сөздүгүн жарыялаган;
• 1928-жылы уйгур-орус сөздүгүн түзүп, жарыкка чыгарган;
• 1940- жана 1965-жылдары кыргыз-орус сөздүгүн жарыялаган;
• 1944- жана 1959-жылдары орус-кыргыз сөздүгүн жарыялаган;
• Кыргыз сөздүгүн түзүүдө Константин Юдахинге Кусейин Карасай уулу жана Жапар Шүкүров көмөк көрсөтүшкөн.
Белгилүү агартуучу жана тилчи 1975-жылы 22-февралда Фрунзе шаарында каза болгон.
Не имеется аудиофайлов
Нет комментариев