Кубанычбек Маликов 1911-жылы Чүй өрөөнүндөгү Үч-Эмчек айылында кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. 1924-жылы катаал турмуштун кесепетинен Бишкек шаарына чукул Төкөлдөш айылына көчүп келген. Атасы Иманалынын 7 баласы болгон, бирок төрт баласы каза болуп, Кубанычбек менен эки кызы гана өсүп-жетилген.
Кызыктуу маалыматтар:
* 15 жашында “Эркин-Тоо гезитинин кабарчысы болгон;
* 1926-жылы “Жазгы талаа” аттуу алгачкы чыгармасын жазган;
* 1031-жылы “Ленинчил жаш” гезитинде редактордун орун басары катары эмгектенген;
* "Ак кептер", "Аёо", "Келген жок" аттуу элдик ырларга айланып кеткен обондуу ырлардын сөздөрүн да Маликов жазган;
* 1934-жылдан 1952-жылга чейин “Кызыл Кыргызстан” гезитинин жооптуу катчысы болгон;
* 1940-жылдары жазылып, жарык көргөн “Балбай” поэмасы улутчул деген жалган жалаа менен толук жок кылынган;
* Улуу Ата мекендик согуш башталганда Кубанычбек Маликов өз эрки менен майданга аттанган. Бирок искусство адамдары үчүн бронь келип, акын кайра артка чакыртылган;
* Маликов “Манас” эпосунда жакшы билген. Ыңгайы келгенде манас да айтып калчу;
* 1964-жылы Искак Раззаков үйүнө келгенде Маликов бир саат бою ага "Манас" айтып берген;
* Аалы Токомбаев менен бирге Саякбай, Сагымбайлардын жалпылашкан вариантынан турган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин басууга даярдаган;
* Ал Пушкин, Лермонтов, Маяковский, Маршактын ырларын кыргыз тилине которгон;
* Маликов Кыргыз ССРинин гимнин жараткан авторлордун бири;
* Ал "Бийик жерде", "Бир көчөнүн кыздары", "Жаңыл", "Адылдын иши", "Айланган тоонун бүркүтү", "Осмонкул" деген пьесаларды жараткан. Бул опералар жана пьесалар азыр да сахнада коюлуп келет;
Акын, драматург жана жазуучу Кубанычбек Маликов 1978-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкекте) дүйнөдөн кайткан.
Не имеется аудиофайлов
Нет комментариев