logotype

КУРМАНЖАН ДАТКА

Demo Image
Demo Image

Алай ханышасы, Журт энеси! Ал Умай Эне сымал коркунучтуу кырдаалда коргоочу, бейпил заманда камкордук кылуучу. Мындай адамдар улутту коргойт жана бириктирет, катаал учурда кам көрөт . Улуу Эне гана ушундай кылат ...

Тарыхта аялдардын арасынан чыккан белгилүү инсандар, таасирдүү саясий ишмерлер көп. Кыргыз элинин тарыхында да мындай легендарлуу инсан бар. Бул Курманжан датка Маматбай кызы, ал аялдар башкарууга аралашпаган мусулман өлкөсүндө биринчи жана жалгыз башкаруучу аял болуп калды.

1811-жылы Курманжан Оштун жанындагы ажайып кооз Орок айылында туулуп өскөн. Туулган жеринин табияты анын өзгөчө эрктүү мүнөзүнүн калыптанышына өбөлгө болгон чыгар. Ал тунук акыл-эстүү, кайраттуу болчу. Ал уруу, улуттун кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгон.

Кырдаалга жараша өзүн кол башчыдай алып жүрүү менен мырзалык сапатын көрсөтө алган жөндөм жана караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан билгичтик Курманжан Даткага таандык мүнөз болгон.

ФАКТЫЛАР:

• 18 жашында Кулсейитке күйөөгө беришкен. Бирок шарияттын тартиптерине жана Чыгыштын салттарына каршы чыгып, Курманжан күйөөсүн таштап кеткен;
• 1831-жылы Алымбек датка Курманжанга үйлөнгөн;
• Курманжан менен Алымбек беш уул, эки кыздуу болгон;
• Курманжан датка 1840-жылдан Фергана мамлекетинин саясий турмушуна кошулган;
• 1863-жылы Курманжан Бухара эмири Музаффар менен Кудаяр хандан датка титулун алган;
• 1895-жылы пайгамбар жашынан оогон датка эң оор сыноолордун бирин башынан кечирген. Анын кенже уулу Камчыбек өлүм жазасына тартылган;
• Кызматтары үчүн Андрей лентасындагы алтын медаль менен сыйланып, 300 рубль өлчөмүндөгү жылдык пенсияны өмүр бою алып турган;
• Ал Зыйнат деген купуя ысым менен ыр жазган;
• Курманжанды жакшы билген орус саясий жана аскер башчылары Лев Костенко, Михаил Ионов, Константин Кауфман анын акылмандыгын жана эл арасындагы өзгөчө кадырын баса белгилешкен.
• Ал карапайым болчу, ызы-чуу шаардын жашоосун жактырчу эмес. Ал кышы-жайы ар өргөөсүндө, Алай кырка тоолорунда көчмөндүк турмушта жашаган;
• 1907-жылдын 1-февралында Мады айылында 96 жаштагы Алай ханышасы – Курманжан датка дүйнөдөн өтөт;
• Кыргызстандын эгемендүүлүгү жарыялангандан кийинки алгачкы жалпы элдик майрам 1991-жылдын жай айында белгиленген Курманжан датканын 180 жылдык мааркеси болгон;
• 1995-жылы Курманжан Датка кайрымдуулук фонду негизделген;
• Курманжандын портретин 50 сомдук кыргыз банкнотторунун бетинен көрүүгө болот;
• 2002-жылы Алай ханышасы тууралуу китеп үч тилде жарык көргөн;
• 2004-жылы Бишкектин Эркиндик бульварында Курманжан датканын эстелиги орнотулган;
• Бишкек жана Ош шаарларынын көчөлөрүнө Курманжан Датканын ысымы берилген.
• 2014 -жылдын 31-августунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата "Курманжан Датка" тарыхый тасмасынын бет ачары өткөн.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Оставить оценку


Комментарии

  1. image

    Туристтер сканер кылып маалымат алып жатканына көрүп, мыкты долбоор экенине ишенидим

    • 7 Декабрь 2021 ж. 15:05
  2. image

    Сканер кылып, керектүү маалыматты ала алдм

    • 7 Декабрь 2021 ж. 15:04
  3. image

    Чындыгында аябай мыкты инсан. Тарыхта дал ушундай адамды кезиктирүү мүмкүн эмес

    • 7 Декабрь 2021 ж. 15:04

Разместить комментарий