logotype

Кусеин Карасаев

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Биринчи лексиколог жана лексикограф, көрүнүктүү окумуштуу, профессор, КР УИАнын Ардактуу академиги, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, К.Тыныстанов атындагы сыйлыктын лауреаты.

Кусейин Карасаев кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон.
Ал 1901-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 1914-1916-жылдары Пржевальск шаарындагы орус тилдүү мектепте окуган.

Анын "Орусча-кыргызча сөздүгү", "Орфографиялык сөздүгү" ж.б. лингвистикалык эмгектери баа жеткис илимий жана практикалык мааниге ээ. Окумуштуунун илимий эмгектери кыргыз мектептеринде жазуунун негизи болуп калды. Ал сөздүктөрдү түзүүнү баштоочулардын бири, кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгө катышкан илимпоз.

Фактылар:

• 1922-1923-жылдары Кең-Суу айылынын революциялык комитетинин төрагасынын орун басары болгон;
• 1923-1927-жылдары Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунда окуган. Кыргыз тилиндеги биринчи "Эркин-Тоо" гезитинин кызматкери;
• 1928-1931-жылдары Ленинграддагы Чыгыш таануу институтунда окуган;
• 1961-1974-жылдары Киргос университетинде иштеген;
• 1927-жылы "Сабат ачкыч" колдонмосун жазган, 1928-жылы И.Арабаев менен бирге кыргыз Алиппесин чыгарган;
• 1990-жылы О.Сыдыковдун "Тарих-и Кыргыз Шадмания" чыгармасын заманбап графикага которуп, ага баш сөз жазган;
• "Манас" эпосунун жазууларын изилдөөгө жана чечмелөөгө чоң салым кошкон.

Ал 1998-жылы 97 жашында дүйнөдөн өтүп, сөөгү Пржевальский музей-мемориалдык комплексинин аймагына коюлган.
Анын ысымы айылдык кеңешке, Кыргыз-түрк колледжине жана Бишкек мамлекеттик университетине ыйгарылган. Ысык-Көлдүн жээгинде К.Карасаевдин эстелиги жана мемориалдык комплекси бар.
К.Карасаев - “Кылымга тете узак өмүр сүрүп, миңдеген жылдарга кыргыз элинин тарыхында чоң из калтырган ХХ кылымдын Кашгариси”.
Кыргыз эли улуу илимпозго түбөлүк таазим этет.

Информация

Регион: Ысык-Көл
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий