logotype

Михаил Фрунзе

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Михаил Васильевич өзүнүн эр жүрөктүүлүгү жана оптимизми менен башкаларды багындыра билген, тубаса уюштуруучу, лидер болгон. Кесипкөй төңкөрүшчү, көрүнүктүү жетекчи, Кызыл армениянын аскер башчысы.

Бишкек шаарында, Жети-Суу облусунда 1885-жылы 21-январда фельдшер Василий Фрунзенин үй-бүлөсүндө келечектеги командир жарык дүйнөгө келген. Беш жашка келгенде эле ал окуганды өздөштүрүп, жети жашында мектептин босогосун аттаган. Михаил жаштайнан дүйнөнү тааныгуу дилгир болуп, көп изденгендердин катарында болгон. Ал Верный (Азыркы Алматы) шаарында жергиликүү гимназиияда билим алган.

Жаш, кайраттуу, иш-аракетке суусаган Фрунзе коомдук ишке баш оту менен киришет. Ал студенттердин чогулуштарына жана үгүт иштерге иштерге жигердүү катышат.

Кызыктуу маалыматтар:
• Жаш кезинде ботаникага жакын болгон;
• Михаил Фрунзе Чуда жумушчулардын куралдуу отрядын түзгөн. Дал ушул аракетти Фрунзенин алгачкы революциялык ишмердүүлүгү катары санаса болот;
• 1904-жылдан 1907-жылдын башына чейин бир нече жолу камакка алынган. Ага эки жолу өлүм жазасы өкүмү чыккан;
• Фрунзенин демилгеси жана жетекчилиги астында Минскте революциялык тартипти орнотуу үчүн элдик милиция түзүлгөн;
• Ал сүргүнгө айдалагандарга мыйзамсыз өз ара жардам көрсөтүү фондун демилгелеп, аны жетектеген;
• М.В.Фрунзе активдүү катышкан маанилүү саясий окуя - II Мамлекеттик думага жумушчу делегат Н.А.Жиделевдин шайланышы болгон;
• Ал эч качан өзүн-өзү ар тараптан өстүрүүнү токтоткон эмес. 1906-жылдын аягында ал бир нече жумага Петербургга барып, төрт курстун экзамендерин тапшырат.
• Фрунзе бир нече каймана жана лакап аттар менен белгилүү болгон. Алардын эң белгилүүсү - «Жолдош Арсений»;
• 1924-жылы Михаил Фрунзе башчынын орун басарлыгынан СССРдин Революциялык Аскер Советинин төрагалыгына жана Аскердик жана Аскер-Дениз иштери боюнча Эл Комиссарына чейин жеткен, Борбордук Комитеттин Саясий бюросунун жана Борбордук Комитеттин Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө талапкер болгон. РКП (б);
• 1925-жылы күзүндө Михаил Фрунзе ашказан жарасын дарылоо үчүн дарыгерлерге кайрылган. Генералга жөнөкөй операция дайындалган, көп өтпөй 31-октябрда Фрунзе капысынан каза болуп калат. Генералдын өлүмүнүн расмий себеби кандын уулануусу болгон, дагы бир маалыматтар боюнча – Фрунзенин өлүмүнө Сталиндин салымы бар.

Элесине эстелик:

Генерлдын өмүр жолу бир гана жазуучуларды эмес, советтик жана орусиялык кинематографистерди да кызыктырып келет. Кызыл Армиянын тайманбас аскер башчынын образы 24 тасмада чагылдырылган. Фрунзенин аты көчөлөргө, аймактарга, конуштарга, географиялык объектилерге, теплоходдорго жана башка объектилерге берилген. Ал эми анын эстелиги мурдагы СССРдни 20дан ашуу шаарларында тургузулган. Мисалы: Москва, Бишкек, Алматы, Санкт-Петербург, Иваново, Ташкенте, Киев жана башка шаарлар.

Михаил Фрунзе мыкты саясатчы, кыраакы башкаруучу, көрөгөч стратег гана эмес, көп деген адамдардын жашоосуна өзөктүү таасир берген, замандаштарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан инсан болгон.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

  1. image

    Спасибо за всё

    • 25 Ноябрь 2021 ж. 12:17
  2. image

    Прекрасный проект!!! Возможность горожанам помнить историю и узнавать новое о любимом городе

    • 23 Ноябрь 2021 ж. 13:53

Разместить комментарий