logotype

Мухтар Ауэзов

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Мухтар Ауэзовдун басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы казак улуттук адабиятынын калыптануусу менен тыкыр байланышкан. Ал татаал жана күрөшкө толгон жолду басып өттү.

Жазуучу 1897-жылы Орусия империясында төрөлгөн. Ауэзовдун кичи мекени — Шыңгыстау (Чыгыш Казакстан облусу).

Мухтар эрте жетим калган. Бул дүйнөдөн биринчи болуп атасы (1900), 12 жылдан кийин апасы каза болот. Жеткинчекти мындан ары тарбиялоону агасы Касымбек колго алат.
1919-жылы Мухтар Ауэзов большевиктер партиясынын катарына кирет. Жетекчилик кызматка казак улутундагы адам дайындалат.

Мамлекеттик иштер менен бирге Мухтар Омарханович китептерди, театрга пьесаларды жазат, мезгилдүү басылмаларда иштейт. 1922-жылы мекенчил жазуучуга “улутчул” деген жалаа менен большевиктер партиясынын катарынан чыгарылган. Ошол эле жылдын күзүндө Ауэзов Орто Азия университетинин (Ташкент) студенти болуп, “Шолпан” журналы менен кызматташкан. Кийинки жылы Мухтар Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин коомдук илимдер факультетинин адабият жана тил бөлүмүнө которулат. 1928-жылы жазуучу дипломун алып, Ташкентке кайтып келип, Орто Азия университетинин аспирантурасына тапшырган. Мухтар Ауэзовдун ушул мезгилдеги жашоосу ар кандай репрессиясылык аракеттер менен коштолгон.

Мухтар Ауэзов оппозициялык уюмга тиешеси бар деп айыпталган. Эки жылдан ашык убакыт ал тергөөдө жүргөн. Өкүм чыгып, жазуучу шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган.
Мухтар Ауэзов абактан бошонгондон кийин Абайдын мурасын терең изилдөөнү колго алат.
НКВДнын органдары анын чыгармаларын басып чыгарууга тоскоолдук кылып, жазуучунун жарык көргөн көрүнүктүү чыгармаларын дүкөндөрдөн жана китепкана фонддорунан алып салышкан. Көп өтпөй автор мекенинен кетүүгө аргасыз болот. Москвага көчүп келгенден кийин таланттуу казак патриоту жазуучу Леонид Соболев менен кызматташат.

1941-жылы Ауэзов Мухтар Казакстанга кайтып келет. Беш жылдан кийин профессор, филология илимдеринин доктору, Казак ССР илимдер академиясынын академиги болот. Бирок, согуштан кийинки мезгилдеги куугунтуктун жаңы толкуну Ауэзовдун мындан аркы чыгармачылыгына коркунуч туудурат: ал кайрадан улутчулдук үчүн айыпталат. Казактын жогорку окуу жайларында иштөөгө тыюу салынып, экинчи жолу туулган жерин таштап, Москвага барат да, 1954-жылы төрт томдук «Абай жолу» чыгармасын бүтүрөт.
Көп өтпөй Ауэзов өз мекенине кайтып келип, бардык кызматтарында калыбына келтирилет. Эки жолу республикалык Жогорку Советке шайланган; жазуучулар уюмдары менен кызматташат; чет элдик саякаттарга делегат болууга мүмкүчнүлүк алат.

Өлбөс чыгармалардын автору үч расмий жана бир жарандык никеде болгон: Жаш Райхан менен биринчи никеде Мугамила аттуу кызды болушуп, ажырашкандан кийин кызы атасы менен калган. Экинчи аялы Абайдын небереси Камила Магауия кызы (баласы жок). Валентина Кузьмина менен үчүнчү расмий никеден Лейла аттуу кыздуу жана Эрнар аттуу уулдуу болушкан. Фатима Габитова менен жарандык никеде болуп, Фатима Мурат аттуу уул төрөп берген . 1961-жылы жазуучу катуу ооруп, Москвада дарыланып, бирок оор операцияга чыдай албай, 65 жашка чыга электе каза болгон.

Жазуучунун өмүрүндө анын чыгармачылык иши жалаң коммунисттик догмалардын позициясынан бааланган. Анын чыгармалары социалисттик реализм катары классификацияланган. Бирок бул ыкманын масштабы анын прозасы менен драматургиясынын стилдик жана жанрдык байлыгын ачып бере алган эмес. Эми аларга жаңыча баа берилүүдө. Ауэзовдун чыгармачылык мурасы дүйнөлүк адабий жараяндык көрүнүктүү көрүнүшү.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий