logotype

Насирдин Исанов

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Насирдин Исанов (1943-ж. т., Ош облусу, Ноокат району, Көкбел айылы – 1992, Бишкек) – коомдук-мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (1991–1992). Экономикалык илиминин кандидаты, СССР инженердик академиясынын академиги (1991).

Москва курулуш трестинде жумушчу (1960–61). 1965-ж. Москва инженердик-курулуш институтун бүтүргөн.
1965–70-ж.ж. «Ошшааркурулуш» трестинин 3-курулуш монтаж башкармалыгынын прорабы, участоктун начальниги, башкы инженери.
1970–74-ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, «Нарынсууэнергиякурулуш» башкармасынын парткомунун катчысы.
1974–83-ж. Кыргызстан ЛКЖСМ Ош обкомунун 1-катчысы, курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысы.
1983–86-ж.ж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин министри (1986–88).
1988–90-ж. Ысык-Көл облустук Советинин аткомунун төрагасы.
Кыргыз Республикасынын вице-президенти (1991).
Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Не имеется видеофайлов

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

  1. image

    Я благодарен за святую память об отце. Значит его жизнь имела смысл, значит его смерть усилила жизнь

    • 17 Октябрь 2021 ж. 1:41

Разместить комментарий