Николай Михайлович 1839 -жылы Смоленск губерниясынын Кимборово айылында туулган. Атасы Михаил Кузьмич эрте каза болуп, бардык таалим-тарбия берүү апасы Елена Алексеевнага жүктөлгөн. 1855 -жылы Смоленск гимназиясын аяктагандан кийин болочок саякатчынын аскердик кызматы башталат. Кызматын аяктагандан кийин Пржевальский Башкы штабдын академиясына тапшырган. Негизги предметтерден тышкары, ал белгилүү географтар Риттер, Гумбольдт, Рихтофен жана албетте Семёнов-Тян-Шанскийдин эмгектерин изилдейт. Анын биринчи курстук иши "Амур аймагынын аскердик статистикалык кароосу" болгон. Академияны аяктагандан кийин Варшаванын кадет мектебинде тарых жана география мугалими болуп иштеген. Бул убакыттын ичинде жаш офицер саякат жана ачылыштар тарыхына кызыгууну улантып, география боюнча окуу китебин түзөт.
Не имеется аудиофайлов
Нет комментариев