logotype

Осмонкул Бөлөбалаев

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Асмандан жааган ак жамгырдай өз ырларын кыргыз элине төккөн, элүү жылдан ашуун өмүрүн чыгармачылыкка арнаган, ыры менен жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыргандардын бири Осмонкул Бөлөбалаев болгон.

Осмонкул Бөлөбалаев 1888-жылы мурдагы Пишпек уездинин Чон-Далы айылында туулган. Осмонкулдун атасы Бөлөбала жергиликтүү жашоочулардын арасында комузда кол ойноткон комузчу, “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” эпосторун чеберчилик менен айткан манасчы катары белгилүү болгон. Ал эми апасы Айша мукамдуу үндүн ээси болгон. Бөлөбала баласын сабаттуу болуусун каалап, 12 жашка келгенде молдого берет. 10 жыл бою жергиликтүү молдодон сабак алып, казакча жана татарча ырларды араб арибинде окуйт.
Кызыктуу маалыматтар:
*Осмонкулдун үнү өзгөчө болгондуктан жергиликтүү эл аны “Гүл жигит” деп атап коюшкан;
* Революциядан кийин Калык Акиев менен жолугушуп, ырчылык кесибин баштап, Калыктан ырдоону үйрөнөт.
* 1926-жылы Түркологдордун I съездинде өзүнүн саламдашуусун айтып катышкан.
* Бөлөбалаев 1931-жылы Кыргыз драмтеатрына артист болуп кирип, ырлары басмага чыга баштайт.
* 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына которулуп, эл аралап ыр ырдап комуз чертет.
* Осмонкулду 1937-жылы Сүйүмбай ажы менен туугандык жайы бар деп, түрмөгө отургузулат. Ал абакта 2 жылдай отуруп, кийин акталып чыккан;
* 1958-жылы 70 жаш курагында Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасында искусство менен адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Ленин ордени менен сыйланган;
* О.Бөлөбалаевдин биринчи китеби 1936-жылы «Осмонкулдун ырлары» деген ат менен жарыкка чыккан.
* 1958-жылы орус тилинде «Поэма о счастье» китеби жарык көргөн;
* О.Бөлөбалаевдин кыргыз адабияты менен искусствосуна чоң эмгек сиңиргендиги үчүн совет өкмөтү Ленин, эки жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган;
* 1942-жылы «Кыргыз ССРинин Эл артисти» деген ардактуу наам берилген;
* Осмонкул Бөлөбалаев 1967-жылы 28-сентябрда акка моюн сунган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий