logotype

Сагынбай Орозбаков

Demo Image
Demo Image

"Манас" – өзгөчө эс тутуму, музыкалык жана поэтикалык жөндөмү, импровизатордук жогорку таланты бар адам гана айта алган монументалдуу эпикалык полотно болуп саналат. Мындай манасчылардын бири Сагымбай Орозбаков болгон.

Улуу “Манас” эпосу көп кылымдар бою элге көркөм адабият катары дагы, театр катары дагы, тарых китеби катары дагы кызмат өтөп келген. Манасчылар эл арасынан чыккан өзгөчө таланттуу адамдар. Алар ошондой эле эпостун сактоочулары, анын тексттерин муундан-муунга өткөрүп беришет. Бүгүнкү күндө илимде кырктан ашык манасчынын чыгармачыл өмүр баяны белгилүү.

Ал 1867-жылы Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Кабырга кыштагында (азыркы Тору-Айгыр айылы) сурнайчынын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Орозбак Көл өрөөнүнүн ханы Ормондо кызмат кылган. Сагымбай тогуз жашында өзбек молдодон араб тамгаларын үйрөнүп, ошондой эле ырдап, обон чыгара баштаган.

Ал он беш жашынан тартып "Манас" эпосуна кызыгып, ошол кездеги атактуу манасчы Чоңбаш, Тыныбек Жапиев, Балык Кумаров жана Найманбай Балыковдун Манас айткандарын угуп, көрүп баштаган.

Залкар манасчынын атагы эл арасына кеңири тарап, урмат-сыйга ээ болгон. Атактуу манасчы кырк жылга жакын убакыт бою кыргыз айылдарын кыдырып, Манас айтып, чеберчилигин арттырды.

Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы баян 250 000 саптан туруп, толук жана абдан көркөм вариант катары эсептелет. М.Ауэзовдун айтымында, С.Орозбаков Манас айтып жаткан учурда өзүнүн полотносунун баатырдык көрүнүштөрүн ойлонуп жаткандай сезилип, көрүүчүлөр менен бир бүтүндүккө биригет.

Анын урматына Кочкор айылындагы орто мектепке ысымы берилген. Республиканын ар тарабында Сагымбай Орозбековго бир нече эстеликтер орнотулган. 2017-жылдын май айында улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси республиканын бардык аймагында белгиленди.

Дал ушул Манасчынын аркасы менен кыргыз элинин руханий байлыгы дүйнөлүк цивилизациянын эң баалуу мурастарынын бири болуп калды. Материалдык эмес мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө, элдин руханий кайра жаралуусуна жана мындан аркы маданий өнүгүүсүнө шарт түзүүгө, ата-бабалардын рухуна кылдат мамиле кылууга, улуттук байыркы салттарды бекем сактоого баарыбыз умтулушубуз зарыл.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

  1. image

    Очень полезная информация😊

    • 20 Декабрь 2021 ж. 14:33

Разместить комментарий