logotype

Саякбай Каралаев

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Бул ысым Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда белгилүү. Эл аны терең урматтоо менен эскеришет, анын күчтүү, оригиналдуу таланты жөнүндө сыймыктануу менен айтышат.

Кыргыздын баатырдык "Манас" эпосунун белгилүү айтуучусу, Кыргыз Эл артисти Саякбай Каралаев 1894-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Өлөң айылында туулган. Жаш кезинде ал Кызыл Армиянын катарында ыктыярчы катары басмачыларга, ак гвардиячыларга каршы күрөшкөн, андан кийин көп жылдар бою колхоздун активисти болуп, кеңештин төрагасынын милдетин аткарган.

Болочок манасчынын өнөрү жаштайынан байкалып, кыска убакыттын ичинде жамы журтка таанылган манасчыга айланды.

Кызыктуу фактылар:

● Саякбайдын айтуучулук жөндөмүн ойготкон биринчи насаатчысы чоң энеси Дакиш болгон, ал элдик ырларды жатка билген, аларды кемелине келтире аткарган байбиче болгон;
● Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" эпосторунун эң чоң бөлүктөрү жазылып алынган. С.Каралаев айткан вариантты адабият таануучулар эң толук жана көркөмдүүлүгү эң жогорку баяндын бири катары тааныган. Эпикалык чыгарманын жалпы көлөмү 500553 сап ырды түзүп, бардык доорлордун жана элдердин ичиндеги эң көлөмдүү эпосу болуп саналат;
● Ал элдик кичи эпостордун да айткан, ошондой эле бир катар оригиналдуу көркөм чыгармаларды жараткан;
● Саякбайдын уникалдуу эс тутуму, энциклопедиялык табияты менен таң калтырып, эпостун сюжетин эң толук жана ишенимдүү жеткирүүгө умтулган. Ал айтуучулук жөндөмү менен актерук шыгын айкалыштыра билгендиктен атагы улуу элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган;
● 1924-жылы атактуу манасчы Чоюке Өмүров менен таанышып, андан бир топ жылдар бою айтуучулук өнөрдү үйрөнгөн;
● Чыңгыз Айтматов Саякбай манасчыны "ХХ кылымдын Гомери" деп атаган;
● С.Каралаев көзү тирүүсүндө эле эл аралык деңгээлде атагы чыккан. 1949-жылы Финляндиянын "Калевала" эпосунун фестивалында, 1964-жылы Антропологиялык жана этнографиялык илимдердин Бүткүл дүйнөлүк VII конгрессинде сүйлөгөн.
● Эпосту айтуудан тышкары, Каралаевдин дагы бир өнөрү мүнүшкөрлүк болгон.

Элесин түбөлүккө калтыруу:

1939-жылы Саякбай Каралаев Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алган. Мындан тышкары үч ирет Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана бир нече медалдар, ошондой эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Саякбай Каралаевдин портрети Кыргыз Республикасынын 500 сомдук банкнотуна түшүрүлгөн.
2017-жылы Саякбай Каралаев тууралуу “Саякбай. 20-кылымдын Гомери " аталышында тасма тартылган. Сүймөнкул Чокморов, Эмил Токталиев жана башка көптөгөн сүрөтчүлөр улуу манасчынын образын полотнолорунда сүрөттөп, жомокчунун генийлигин таанып, Саякбай Каралаев аркылуу Манас эпосунун тереңдигин түшүнүүгө аракет кылышкан.
"Манас айылы" этнографиялык комплексинде жана Ысык-Көлдө улуу манасчынын айкели бар.
Каралаев 1971-жылы 7-майда Фрунзеде каза болгон.

Каралаев Манас айтып жаткан учурда улам кызып, жан дүйнөсү ритм, ышкы, эргүү, ошол эле учурда эңсөө, кайгы, санаа, көз жаш, аны менен бирге эрдик, чечкиндүүлүк, кайратка толот.

Анан дагы ойлор, күлкү жана ый ... Ал элибиздин залкары ...

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий