logotype

Шабдан Баатыр

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Шабдан Жантаев – сарыбагыш уруусунун эң ири манабы, атактуу Атаке бийдин урпактарынын бири, өз элине олуттуу руханий таасир тийгизген жаркын жетекчи катары кыргыз тарыхына кирген

Шабдан Жантай уулу өзүнө тынчтыкты сүйгөн инсан жана тайманбас жоокердин сапаттарын камтый билген кайталангыс баатыр болгон
Шабдан баатыр 1839-жылы Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Туюк-Булуң деген жерде туулган. Туулган жери жана түпкү теги боюнча Шабдан талаа аристократиясына кирген. Ал бала кезинен ошол кездеги талаа көчмөн тургундарына мүнөздүү болгон адептүүлүктүн ченемдеринин духунда тарбияланган. Жаштайынан жаратылышка аяр мамиле кылууга үйрөнгөн.
Атасы Жантай орустарга баш ийгенден кийин Шабдан да орус букаралыгын эч кандай каршылыксыз кабыл алып, жаңы бийликке ак дили менен кызмат кыла баштайт.

Кызыктуу маалыматтар:

1868-жылы 200 жигити менен Бишкек уезддик жетекчиси Загряжскийге Борбордук Тянь-Шанда жаңы административдик бөлүмдү бекемдөөгө жардам берген;
1876-жылдан тартып өзүнүн отряды менен Скобелевдин аскерлеринин курамында болгон, Кокон хандыгын багынтууга катышкан, бул үчүн Георгий крестине ээ болгон;
Шабдан баатыр улутту бириктирүүгө эбегейсиз салым кошкон. Ал кыргыз жана орус элдерин жакындаштырууда көп иштерди жасаган. Падыша өкмөтү Шабдан Жантаевдин ишмердүүлүгүн жогору баалаган;
1883-жылы полковник наамына барабар аскердик старшина наамы берилген;
Пишпек уезддик начальнигинин жардамчысы болуп дайындалган;
4-даражадагы Аскердик орден, Станиславская жана Анненская лентасындагы эки чоң медаль менен сыйланган. Кызыл Крест коомунун белгиси, Кокон хандыгын жеңгендигин эскерүү медалы, чынжырлуу алтын саат ж.б.
Шабдан баатыр көчмөн элдин дыйканчылыкка, багбанчылыкка, балчылыкка, кол өнөрчүлүккө, отурукташкан турак-жай курууга болгон сүйүүсүн ойготууга аракет кылган.
Сабаттуулуктун өз эли үчүн маанисин түшүнүп, мектеп билимин өнүктүрүүгө көп иштерди жасаган. 1909-жылы өз каражатына жаңы усулдук мектеп ачып, кыргыз балдарын тоодогу орус гимназиясына окууга берген;
Шабданды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1912-жылдын 7-15-октябрында өткөн. Ага 50 миң адам катышып, 1500 боз үй тигилип, 10 миң кой, 2000 жылкы союлган. Манап менен коштошууга дээрлик бардык ири кыргыз үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрү чогулуп, аза күтүү бир нече күнгө созулган;
1980-жылы Шабдан Жантаевдин эстелиги Жаштар аллеясына, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жанына орнотулган. Ошондой эле анын туулган жерине да эстелик орнотулган.

Шабдан баатыр өмүр бою айкөлдүк көрсөтүп, кедей-кембагалдарга акча, мал, тамак-ашты таратып, ар тараптан колдоо көрсөткөн. Өз учурунда аны анын эли ага ыраазычылык көрсөтүп, урматташкан. Ал өз элинин арасында гана эмес, көптөгөн түрк элдеринин арасында кеңири таанымал жана кадыр-баркка ээ болгон.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий