logotype

Наша команда

team image

Айбек Кыштобаев

Ишкер, коомдук ишмер

Ал АКШдагы Калифорния университетинде жана Кытайда Сиань Түндүк-Батыш университетинде окуган. Фондулук биржа, жана тобокели жогору инвестиция тармагында тажрыйбасы мол. Кыргызстан менен Кытай компанияларынын бирдиктүү инвестициялык жана бизнес ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү колдоо үчүн кыргыз-кытай инвесторлору Ассоциациясынын уюмдаштыруучусу. «INTERA Group». Холдингинин ээси. Дүйнөлүк Азия кинофестивалынын мүдүрү.

Айбек Кыштобаев о проекте Este.kg:

“Кыргызстанда идеология, көптөгөн заттардын тарыхый маанисин маданий жактан түшүнүү көйгөйү бар. Бул маселе баштапкы билим берүү деңгээлинде чечилүүсү зарыл. Тилекке каршы, мамлекет бул максатты ишке ашырууда жеткиликтүү ресурстарга ээ эмес. Ата-бабаларыбыздын маданияты менен мурасы - ар бирибиз эсибизге бекем сактап жүрчү баалуулуктар. Ошондуктан жарандык коомдун өкүлү, маданият менен тарыхка көңүл кош карабаган жаран катары мен өз мүмкүнчүлүктөрүмө жараша, ушундай кызыктуу долбоор менен алектенүүнү чечтим. Аталган долбоор өлкөбүздун өнүгүшүнө салым кошкон адамдар тууралуу жарандарга өзөктүү маалыматтарды берүү менен бирге өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга аз да болсо салым кошот”

team image

Майсалбек Курбаналиев

Журналист, жарандык активист

Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинде окуган. Бишкектеги гезит-журналдарда тажрыйба топтогон, 2018-2020-жылдары Казакстандын борборундагы «Хабар» агенттигинде иштеген. Учурда ACC эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору.

Майсалбек Курбаналиев о проекте Este.kg:

Өлкөбүздөгү ар бир эстелик – өзүнчө бир чоң тарых. Ошол тарыхыбызды кайра барактоого мүмкүнчүлүктөрдү ачкан – бул Este.kg долбоору. Аталган долбоор чет өлкөлүк туристтерге кыргыздардын маданияты жана тарыхы тууралуу маалымат берүү менен бирге, кыргызстандыктар үчүн мыкты агартуу аянтчасы болуп бере алат.