logotype

Темиркул Үмөталиев

Demo Image
Demo Image
Demo Image

Бардык сыйлыктардын ичинен Эл акыны наамы эң ардактуу сыйлыктардын бири. Элдик акын деп чыгармасы элге таандык акынды айтууга болот.

Элдик акындын чыгармалары жаратылыш, жашоо пафосун даңазалап, патриоттук, атуулдук багытта болуп, терең, ошол эле учурда бийик болгондуктан адамдын жүрөгүнө жол табат. Мындай атуул-акындын бири – Кыргыз Эл акыны Темиркул Үмөталиев.
Темиркул Үмөталиев Туюк-Жар айылында туулган. 8 жашында атасынан айрылып, ошондон баштап анын түйшүктүү жашоосу башталган. Ал Ак-Суу балдар үйүндө тарбияланган, Ош педагогикалык техникумунда окуп, окутуучулук кылып, Москвадагы Коммунисттик журналистика институтунда билим алган.
Темиркул Үмөталиев республиканын адабий жашоосуна активдүү катышып, бейпил жашоо, Кыргызстандын жаратылышы, сүйүү тууралуу ырлардын көп циклдерин жараткан. Ал кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн элүүдөн ашык түрдүү поэтикалык жыйнактардын автору. Алардын арасында акындын эки томдук чыгармалар жыйнагы дагы бар. Үмөталиевдин ырлары менен поэмалары мурунку СССР элдеринин көптөгөн тилдерине которулган. Акындын ырлары обонго салынып, ал ырлары өзүнүн киндиктеш болгон тоолорунун ырына айланган.

Фактылар:
• 1931-жылы анын алгачкы ырлары, 1935-жылы "Ырлар жыйнагы" аттуу биринчи китеби жарык көргөн;
• 1934-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон;
• 1935-жылы "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору болуп дайындалган;
• Анын котормолору аркылуу кыргыз окурмандары орус жана совет адабиятынын А.Пушкин, В.Маяковский, Н.Тихонов, Ю.Купала, М.Бажан, М.Турсунзаде өңдөнгөн жана башка акындарынын мыкты чыгармалары менен таанышты;
• Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Т.Үмөталиев фронтто болуп, сезимди козгой турган ырлары менен фашисттик баскынчыларга каршы салгылашууга жолдошторуна чакырык таштап турган;
• Адабий сынчылар аны фронтовик акын деп аташкан;
• Анын демилгесинин жана талыкпаган эмгегинин натыйжасында оозеки элдик көркөм чыгармаларды, биринчи кезекте "Манас" эпосун жана башка кичи эпосторду чогултуу жана жаздыруу иштери жүргүзүлдү;
• 1970-80-жылдар Темиркул Үмөталиев үчүн өзгөчө жемиштүү болду. Ушул жылдар аралыгында "Тоо гүлдөрү", "Преображение", "Таңшы, комуз", "Тегене", "Башталышы ушунда", "Жизнь зимы", "Алп каракуш", "Кыргыз обондору" ж.б. 115 китеби жарыкка чыккан.

Сыйлыктары:
Адабиятты өнүктүрүүдөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн Темиркул Үмөталиевге Кыргыз ССРинин Эл акыны наамы ыйгарылган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Элдердин Достугу, Октябрь Революциясы, Экинчи даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз, эки жолу Ардак Белгиси ордендери жана көптөгөн медалдар менен, СССР Жогорку Советинин жана республиканын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
1982 -жылы акынга "Тоо гүлдөрү" ырлар жыйнагы үчүн республиканын Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Не имеется видеофайлов

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий