logotype

Тоголок Молдо

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Тоголок Молдо – кыргыз совет демократ акыны, агартуучу, манасчы

Акын Куртка аймагында (азыркы Нарын облусунун Ак-Талаа району) 1860-жылдын жай мезгилинин башында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Акындын чыныгы аты Байымбет Абдырахманов. Болочок акындын атасы Абдрахман кыргыз ырларын жакшы билген жана эл алдында ырдап жүргөн киши болгон.

Байымбет кичинесинен эле жергиликтүү молдодон окуп, жазганды үйрөнгөн. Ал айылдык медреседе окуган. Атасынан ажырап, чоң атасынын иниси – ошол кездеги белгилүү акын , комузчу Музоокенин колунда тарбияланган. Көрүнүшү тыпыйып, бою чакан, тоголок болуп, окуп-жаза билгендиги үчүн аны "Тоголок Молдо" деп атап коюшкан. Кийинчерээк, бул лакап анын туруктуу псевдоними болуп калган.

Фактылар:

• Тоголок Молдо 14 жашынан баштап ыр жазып, кагазга түшүрө баштаган;
• Чүй өрөөнүндө жашаган Байымбет кыргыз менен казактын белгилүү төкмө акындары менен таанышат, Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай жана башкалардын китептерин окуйт. Бул жылдары белгилүү айтылуу Тыныбек манасчыдан Манас айтуу чеберчилигин үйрөнгөн;
• Дарыгерлик кылган, балдарга окуганды, жазганды үйрөткөн;
• Сатиралык ыр саптарында жана "Кемчонтой", "Бабыркан" поэмаларында Тоголок Молдо байлардын ач көздүгүн ашкерелеген, "Суу жана жер канаттуулары жөнүндөгү уламыш" поэмасында (1908) социалдык карама-каршылыктарды чагылдырган;
• 1916-жылы манаптар тарабынан кысымга алынгандыктан, туулган жерин таштап, азыркы Тогуз-Торо аймагындагы Көл-Боор айылына көчүүгө аргасыз болгон;
• Тоголок Молдонун революцияга чейинки чыгармачылыгы карапайым элдин кулчулуктун эзүүсүн даана чагылдыруу, алардын умтулууларын жана үмүттөрүн берүү, жаркын кыялдарын ишке ашырууга умтулуу менен мүнөздөлөт.
• Туулган жерде Совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан;
• 1920-жылдардын башында Совет бийлигинин каршылаштары акынды өлтүрүүгө аракет кылышкан, басмачылар эки жолу үйүн талкалап, аялын алып кеткен.
• Тоголок Молдонун чыгармалары 1925-жылдан бери басылып чыгат. Биринчи басылышы 1925-жылы Москвада чыккан "Насыят" поэмасы болгон.
• 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон;
• Москвадагы кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасынын катышуучусу (1939);
• «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган;
• Тоголок Молдо – кыргыз адабиятында тамсил жанрынын негиздөөчүсү;
• Кыргыз фольклорун мыкты билген Тоголок Молдо манасчы катары дагы белгилүү;
• 1942-жылы 4-январда каза болгон. Сөөгү мекенине коюлган;
• 20 сомдук банкнотто Тоголок Молдонун портрети түшүрүлгөн.

Айкели:

1963-жылы эл акыны Тоголок Молдонун 100 жылдык мааракесине карата Москва көчөсүндөгү анын ысымын алып жүргөн гүлбактын борбордук бөлүгүнүө кызгылт граниттен жасалган бюсту тургузулган. Скульптору О. Мануйлова, архитектору Ю. Карих.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий