logotype

Токтогул Сатылганов

Demo Image
Demo Image

Токтогулдун көркөм мурасынын тарыхый мааниси биринчи кезекте ал кокту-колоттук чектөөлөрдү жеңип, жалпы улуттук кызыкчылыктардын деңгээлине көтөрүлө алган кыргыздын улуттук акындарынын биринчиси болгондугунда.

Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кыргызстандын түштүгүндө Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Кушчу-Суу айылында туулган.
Көпчүлүк кыргыз акындары сыяктуу эле, Токтогулду комуз чертүүгө үйрөткөн, анын акындык талантын ачып, өнүктүргөн биринчи устаты ким болгону белгисиз. Бирок, албетте, анын чыгармачылык "алиппеси" – адабий чөйрөсү элдин бай, оозеки чыгармачылыгы, ооздон оозго өткөн, ырчы-төкмөлөрдүн ырлары жана обондору, айрыкча Бурма эненин жомоктору болгон.
Токтогулдун үлгү-насаат ырларында адамдын кайраттуулук, жөнөкөйлүк, жоомарттык, элге кызмат кылуу, адилеттүүлүк өңдүү асыл сапаттарын даңазалайт. Анын көп саптары макал-лакаптарга, афоризмдерге айланып, эл оозуна алынып кеткен.
Фактылар:
• 18 жашында айтышта чоң манаптын Рыскулбектин уулу Дыйканбайдын акыны Арзымат менен бет келип, аны жеңет. Анын атагы кыргыз жерине желдей тараган;
• «Беш каман» аттуу атактуу сатиралык чыгармасында, «Чакырбай сүткор», «Арзыматка» жана башка ырларында жергиликтүү эзүүчүлөрдү ашкерелейт;
• 1898-жылы Анжиян козголоңунда кутум уюштурган деп жалган жалаа жабылып, акын Сибирге 7 жылдык сүргүнгө айдалган;
• 1918-жылдын башында Кетмен-Төбө өрөөнүнө Октябрь революциясынын жеңгени тууралуу кабар келген. Акын зор кубаныч менен тосуп алып, анын жаңы ырларынын мезгили башталган;
• Ал көз жумгандан төрт жарым жыл өткөндөн кийин гана "Эл ырчысы Сатылганов Токтогулдун 70 жылдыгын эскерүү жөнүндө" жарлык чыккан;
• Акындын айкели өз мекенинде – Токтогул шаарчасында, Ошто жана Бишкек шаарында тургузулган;
• 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында "Токтогул" көркөм биографиялык тасмасы тартылган;
• 1965-жылы адабият, искусство жана архитектура тармагындагы көрүнүктүү эмгектери үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгы негизделген;
• 2009-жылы 100 сомдук банкноттун бетинде Токтогул Сатылгановдун элеси түшүрүлгөн.
2014-жыл Кыргызстанда эле эмес, бүткүл түрк дүйнөсүндө Токтогул Сатылгановдун жылы деп жарыяланган. Анын алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн. Акындын бейитине эстелик тургузулуп, айылында музей ачылган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий