logotype

Таттыбүбү Турсунбаева

Demo Image
Demo Image

Кыргыз аялдарынын сулуулугунун символу. Назик, аяр, боорукердикке жана улуулукка толгон, жаркыраган жылмаюу менен көз жоосун алган сулуу, жөнөкөй, ак сөөктүк табиятка ээ болгон таланттуу актриса кинодо жана сахнада унутулгус образдарды жараткан.

Ал 1944-жылы 12-июлда Жумгал районунун Чаек айылында Соң-Көлдүн жээгинде чоң музыканттын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Анын балалыгы бактылуу өткөн, аны баары жакшы көрүп, эркелетип турушкан. Ал кичинесинен ырдап, бийлеп, келечекте артист болорун ишенимдүү айтчу. Мектептеги чыгармачылык иш-чаралар бир дагы жолу Таттыбүбүсүз өтчү эмес.
15 жашынан бери театрдын сахнасында ойноп жүргөн Т.Турсунбаева чоң ийгиликке ээ болгон. Анын катышуусу менен спектаклдер болгондо театр жаштарга толуп турган. Ал дароо боексуз табигый сулуулугу, жагымдуу жылмаюусу жана ички сүйкүмдүүлүгү менен кесиптештерин өзүнө тартып турган. Лирикалык болобу, курч сюжеттүү болобу ар түрдүү ролдун баарын жогорку чеберчиликте аткарганы – анын жогорку профессионалдуулугунун далили.

Фактылар:

• 1960-жылы "Салиманын ыры" тасмасында алгачкы ролун жараткан;
• 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирип, өмүрүнүн акырына чейин иштеген;
• Мелис Убукеев режиссёрлук кылган Ак-Мөөр телефильминде Ак-Мөөрдүн ролу чоң экрандагы биринчи ролу (1969);
• Студенттик жылдары республикалык радиодо ырдаган;
• Ал актёр Имаш Эшимбековго турмушка чыгып, эки баланы тарбиялаган;
• 1971-жылы "Отко таазим" тасмасында Турсунбаева Уркуя Салиеванын ролун аткарган;
• 1972-жылы Тбилисиде өткөн кинематографисттердин Бүткүл союздук конкурсунда Уркуянын образы үчүн диплом менен сыйланган;
• 1974 -жылы "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти" наамын алган;
• СССР Кинематографисттер жана театр ишмерлер союзунун мүчөсү;
• Жумгал районунун Чаек айылындагы кинотеатр атактуу кызы Т.Турсунбаеванын ысымы менен аталган;
• Жалпысынан театрда 100дөн ашуун, ал эми кинодо 10 унутулгус роль жараткан;
• Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын жанына 2014-жылы Т.Турсунбаева атындагы гүлбак ачылып), бюсту орнотулган;
• 1981-жылы 21-декабрда каза болуп, сөөгү Орок көрүстөнүнө коюлган.

Театрда жана кинодо болгону 15 жыл иштеген кыска чыгармачылык өмүрүндө жеке биографиясында гана эмес, кыргыз киносу менен театрынын тарыхында даңазалуу доорду жаңырта алган аялдардын образдарын жаратууга жетишти.

Ал элдин жүрөгүндө түбөлүк сакталат, анткени эми андай сулуулук, андай талант кайра жаралбас...

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий