logotype

Уркуя Салиева

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Борборубуздун эң көркөм жана маанилүү эстеликтердин бири болгон Уркуя Салиеванын айкели алыстан заңкайып көзгө чалдыгат. Ал эл ичинде аялдардын укугун коргоочу, социалдык төңкөрүштүн активисти жана эркиндик үчүн күрөшкөн айым катары белгилүү.

Революция баатыры У.Салиева 1911-жылы 17-февралда Ноокат районундагы Беш-Буркан айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан кыз өспүрүм кезинен эле теңчилик үчүн күрөшүп, элди эмгекке жана биримдикке чакырган.
Аны эл абдан урматтап, "аксакал айым" деп аташкан. Совет бийлигине болгон күчү менен каршылык көрсөткөн жергиликтүү байлар “колхозду аял башкарсын” деген элдин пикирине “баары бир аял киши жаңы жана оор милдетти аткара албайт” деген жаңылыш ой менен аргасыз көнгөн. Элинин кызы айланадагылардын үмүтүн актоого бүт күчү менен аракет кылган.
Фактылар:
● 17 жаш курагында Советтик Кыргызстандын кыздарынын ичинен биринчи болуп комсомолго өткөн. Ал комсомол ячейкасынын катчысы жана кыймылдын активисти болгон;
● 18 жашында Меркит-Мүркүт айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган;
● 1929-жылы райондо биринчи Кызыл-Аскер колхозунун уюштуруучусу болгон;
● 1930-жылы БКП БКнын мүчөлүгүнө кандидат болуп калды;
● 1932-жылы Коммунисттик партияга кабыл алынган;
● 1932-1933-жылдары Ош облусунун Меркит-Мүркүт айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Жаңы бийликке болгон жек көрүүсү күч, караңгы байлар, касташууга багыт алган ошол учурдагы башкаруучулар жана диний фанаттар жаңы тартиптерге көнө алышпай, жаңы жашоо үчүн күрөшүп жүргөндөргө ырайымсыз мамиле кылышкан. 1934-жылдын 13-февралында Уркуя менен күйөөсү Колдош басмачылар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Канкорлор соттолуп, өлүм жазасы берилген.
Жаркын келечек үчүн курман болгон Уркуянын ысымы жана сиңирген эмгеги Кыргызстандын тарыхында түбөлүккө калат. Белгилүү жазуучу, акын Насирдин Байтемиров "Тарых эстелиги" романын күрөшчүл айымга арнады. Уркуянын образы белгилүү скульптор Тургунбай Садыковду “Революция күрөшчүлөрүнө” айкелин жасоого шыктандырган. Биринчи кезекте анын жердештери Уркуяга болгон зор урмат-сыйын, сүйүүсүн билдирип турушат. Салиеванын ысымы Төөлөс айылындагы мектепке, Бишкектеги көчөгө жана Оштогу так илимдер лицейине ыйгарылган.
Өзү чыканактай болсо да духу күчтүү Уркуя эркиндик үчүн күрөшүп, жакырлардын укугун коргоп, эмгекке жана биримдикке чакырды. Анын карапайым кыргыз элинин жаркын келечегине болгон ишеними зор эле.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий