logotype

Жеңиш эстелиги

Demo Image
Demo Image

Өчпөс от – бул, эркиндик үчүн, Мекендин ар-намысы үчүн курман болгон баатырлардын элесин символикалык түрдө көрсөтүп, күйүп турган от.

Жеңиш аянтындагы «Өчпөс от» мемориалы Улуу Ата Мекендик согушта курман болуп, өмүрүн Улуу Жеңиш үчүн тартуу кылган баатырларга арналып 1985-жылы орнотулган. Мемориалдын авторлору – архитекторлор Вячеслав Борисович Бухаев жана Владимир Васильевич Лызенко, скульпторлор Михаил Константинович Аникушин жана Тургунбай Садыкович Садыков.
Мемориалдык комплекстин түндүгүнүн астында, өчпөс оттун жанында колдоруна идиш кармаган эненин айкели жана согуштан кайткан жоокерлердин скульптуралык образдары, алардын тегерегинде кубанган балдар – бейпил күндүн элесин берип турат. Аркага баруучу тепкичтин четтерине согуштун жана тылдын баатырларынын ысымдары чегилген мрамор такталар, жеңиштин тарыхый мааниси жөнүндөгү жазуулар бар.
“Өчпөс от” мемориалы маал-маалы менен реконструкциланып турат.
Эске сала кетсек, 1941-жылдын 22-июнунда фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салып Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Ал 1418 күн уланып, 1945-жылдын 9-майында аяктаган. Расмий маалыматтарга ылайык, бул согушта совет эли 20 миллион кишисин жоготкон. Ал эми Кыргызстандан Советтик Армиянын катарында 360 миңден ашуун жоокер баатырларча салгылашкан. Алардын ысымдары согуштун даңктуу таржымалында түбөлүккө жазылып калды. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн каармандыгы, баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокерлер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланган. 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери болуп, 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эн жогорку наам ыйгарылган. Ал эми беш миңден ашыгынын ушул кезге чейин дайынсыз.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Архитектуралык объект

Видеофайлы

Не имеется видеофайлов

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий