logotype

Жусуп Абдрахманов

Demo Image
Demo Image

Жусуп Абдрахманов кыска, бирок нуска жашады. Жараткан ага узак өмүр ыроолобосо да, акылын, талантын, жөндөмүн, кайратын аяган жок.

Тагдыр анын саясий эрдикке жетишине өбөлгө болгон адамдык сапаттарын өнүктүрдү, бул – биз дагы да маани берип, түшүнө турчу, өзүбүзгө сабак алып, баалай турчу нерсе.

Ал 1901-жылы 28-декабрда Жети-Суу аймагынын Каракол уездиндеги Күнгөй Ак-Суу волостунун Чиркей айылында бай-манаптын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Ал Сазан орус-тузем мектебин, Каракол жогорку башталгыч окуу жайын бүтүрүп, 1916-жылы оор трагедияны башынан кечирип, жетимдик тагдырды бөтөн жерде башынан өткөрүп, мекенине кайтып келген.

Сталиндик режимдин жылдарындагы репрессиянын кандуу калабасы 37 жашка жеткирбей таланттуу адамдын өмүрүн алды. Бирок бул өзгөчө инсандын кыска өмүрүндө өз элинин кызыкчылыгын көздөгөн абдан чоң нерселер камтылган.

Фактылар:

• Абдрахманов жаштайынан эле большевиктик идеяларды дароо кабыл алып, 1919-жылы РКПнын катарына кошулган. Верный гарнизонунун райкомунун мүчөсү болуп шайланган. Ал аймактагы жаштар кыймылынын башталышында турган: комсомолдун Жети-Суу уюштуруу бюросунун мүчөсү, РКЖСнын Түркстан бюросунун мүчөсү болгон жана Москвада өткөн комсомолдун III съездине катышкан. Кийинки жылдары чыгармачылык жөндөмүнүн, эбегейсиз берилгендигинин аркасында партиялык аппаратта ар кандай кызматтарды ээлейт;
• Жусуп Абдрахманов Советтик Кыргызстандын расмий түрдө таанылган биринчи дипломаты болгон жана партиялык жашыруун тапшырманы аткарган, бул анын чет өлкөдөгү иш сапарынан кийин БКП БКнын эң маанилүү жана жооптуу бөлүмүнө кызматка көтөрүлүшү менен бааланган. Ошондой эле Москвадагы Большевиктер Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинде кызмат кылган биринчи ишенимдүү кыргыз болгон. Бул кызмат анын жөндөмүн сынай турган трамплин болгон, бир аздан кийин Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешин жетекчиси болуп дайындалган.
• Өкмөттүн башчысы болуп иштеген беш жарым жыл ичинде республиканын экономикасы менен маданиятынын өнүгүшү үчүн көп иштерди аткарууга жетишкен. Ж.Абдрахмановдун өзгөчө камкордугу – кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана алдыга жылдыруу, республиканы индустриялаштыруу болгон. Ал мамлекеттик жана саясий ишмер катары республиканын калкынын кызыкчылыгын жана жыргалчылыгын дайыма биринчи орунга коюп, ал үчүн өзүнүн күч-кубатын жана уюштуруучулук талантын гана эмес, өз өмүрүн да аяган эмес.

Абдрахманов сыяктуу инсандар акылдуулугу, шык-жөндөмү менен таң калтырышып, духунун, эркинин, ышкысынын күчтүүлүгү менен суктандырышат. Ал классикалык билим албаган Черчиллге окшош, бирок интеллектиси жана деңгээли боюнча атайын даярдалган теңтуштарынан жана илимдүү саясатчыларынан жогору болгон.

Информация

Регион: Ысык-Көл
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий