logotype

Жусуп Баласагын

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Жусуп Баласагын кыргыз жана түрк тилдүү элдеринин тарыхындагы өзгөчө жана барктуу окумуштуу, чыгыш мусулман доорунун залкар ойчулу, мамлекеттик ишмер.

Улуу ойчулдун кайсы жылы төрөлгөндүгү тууралуу толук маалыматтар жокко эсе. Бирок ал өзүнүн “Куттуу билим” аттуу эмгегинде өзү тууралуу кээ бир фактыларды жазып кеткен. Анын жазганына таянсак, ал 1015-жылы, кээ бир маалыматтар боюнча 1016-жылы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы Бурана эстелиги турган жерде — өз учурунда акындардын, окумуштуулардын, кол өнөрчүлөрдүн шаарына айланган Баласагында туулган.
Акындын чыгармачылыгына Авиценна менен аль-Фарабинин эмгектери, ошондой эле Фирдоусинин «Шах-наме» китеби таасир берген.

ФАКТЫЛАР:
* Философия, математика, дары-дармек, астрономия, астрология, көркөм өнөр, адабият, тил илими жана башка илимий тармактарынын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон.
* Жусуп Баласагын араб, фарс жана башка тилдерде окуган
* Ал бир гана “Кут алчу билим” дастанын жазган. Башка чыгармалары тууралуу маалымат жок
* «Куттуу билим » («Кутадгу билиг») 13000 саптан турат
* Чыгарма эски түрк тилинде (кээ бир маалыматтар боюнча), 1069—1070-жылдары 18 айдын ичинде жазылган
* Дастандын бизге жеткен үч нускасы бар. Биринчиси Герат шаарында, 1439-жылы байыркы уйгур жазуучусу менен такталган (азыр Клостернойбург ройал китепканасында сакталуу), экинчи Катарда, 14-кылымдын 1-жарымында (Египет Keдиван китепканасында) көчүрүлгөн. Ал эми үчүнчү нуска 12-кылымда Наманган шаарында араб жазуучусу менен кагазга түшүрүлгѳн. Бул кол жазма Ташкентте Чыгыш таануу институтунда сакталып турат.
*«Куттуу билим » дүйнөнүн жети тилине которулган
* Жусуп Баласагындын чыгармасы түрк тилинде жазылган алгачкы дастан

Элесин түбөлүккө калтыруу:
Жусуп Баласагындын портрети Кыргыз Республикасынын 1000 сомдук банкнотуна түшүрүлгөн.
ТҮРКСОЙ 2016-жылды "Жусуп Баласагын жылы" деп жарыяланган
Анын ысымы Кыргыз улуттук университетине ыйгарылган
Жусуп Баласагындын аты Кыргызстандагы көчөлөргө коюлган

Билимсиз жүрөк, тилдин пайдасы жок,
Билим, өнөр өмүргө суудай керек.
Билимдүү түйшүктөнүп ойлоп жүрөт,
Билимсиз ой жүгүртпөй ойноп-күлөт.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий