logotype

Жусуп Мамай

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын эл артисти, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат

Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да "Манас" айтып калышына аян берүү себеп болгондугун белгилейт.
Жусуп Мамайдын айтымында, эң алгачкы ирет ал он жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө жайдак буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтө эле чоң киши алдында пайда болот.


1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу "Манас" айтып берет. Жусуп 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайтат. Эки жылдан кийин 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан "Алмамбеттин арманын" угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, "Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы" аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп калайыкка атыгып, "Манасчы" деген атка конот.

1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет.

Ал эми 1966-жылы Кытайда "Маданий революция" саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот.

1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат.
Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын "Семетей" гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай ка

1989-жылы кулжа (июнь) айынын үчүндө Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан. 1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.

2014-жылдын 30-майында (бугу айынын 30унда), Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, улуу "Манас" эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн манасчы Жусуп Мамайга "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

2014-жылдын кулжа (июнь) айынын биринде таңга маал Жусуп Мамай Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий кыштагындагы ооруканада оорунун айынан кайтыш болду.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий