logotype

Зууракан Кайназарова

Demo Image
Demo Image
Demo Image
Demo Image

Өзүнүн ак эмгеги менен бир гана СССР өлкөлөрүнүн арасында эмес, бүткүл дүйнөгө таанылган, Социалистик Эмгектин эки жолку баатыры Зуура Кайназарова чыныгы күжүрмөн эмгектин, элге, жерге кызмат кылуунун символу катары тарых беттеринде калат

Зууракан Кайназарова 1902-жылы 18-июнда Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында (мурдагы Жыламыш айылы) кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын жаштыгы совет бийлиги жаңыдан орноп, колхоздор түзүлүп жаткан мезгилге туш келген. Ошондуктан ал курдаштары сыяктуу эле чарба иштери менен алек болгон. Өзүнүн эмгек жолун 1929-жылы баштайт. Ал эми кызылча менен алектенүүнү 1935-жылы колго алат.

Ошол жылдары Советтер Союзунун аймагында украиналык Мария атуу аял өзүнүн жетишкендиктери менен дүң болуп жаткан эле. Ал 1 гектардан 55 килограмм кызылча алганы көптүн арасында сөз болуп жаткан. Ошол кезде чүйлүк келин Мария менен жарышып, бир гектардан 103 тонна түшүм алып, дүйнөлүк рекордду жаңылайт.

Таң аткандан күн батканга чейин талаада тер төгө иштеген келинге СССРдин бийлиги суктанып, аны Москвага чакыртышат.

Кызыктуу маалыматтар:

• 34 жашында Ленин ордени менен сыйланат;

• Зууракандын кызылча талаасында көрсөткөн ийгилигин ондогон жылдар бою эч ким кайталай алган эмес;

• Зууракан Кайназарова СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышыны депутаты болгон;
• Жаш кезинде турмушка чыгып, бир балалуу болуп, кийин экөөнөн тең айрылып калган;

• Согуш убагында жетим калган ар кайсы улуттагы жети уул-кызды асырап, эрезеге жеткирген;

• Болот Мамбетов, Төрөбай Кулатов, Абды Сүйөркулов, Күлүйпа Кондучалова жана башка инсандар менен мыкты алакада болгон;

• Зууракан Кайназарова эки жолу СССРдин Социалистик Эмгектин баатыр наамына ээ болуп, үч ирет Ленин, бир жолу Эмгек Кызыл Туу орденинн ээ болгон;

• Ал өмүрүнүн 40 жылын кызылчага арнаган жана мыкты шакирттерди тарбиялаган;

Зууракан Кайназарова1982-жылдын 4-июнунда Фрунзе шаарында көз жумган.

Информация

Регион: Бишкек
Категория: Маданий объект

Видеофайлы

Аудиофайлы

Не имеется аудиофайлов

Оставить оценку


Комментарии

    Нет комментариев

Разместить комментарий